Озерный айылында жашаган эки жаштагы бала Балдар клиникалык ооруканасынан чыгарылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Ал дагы деле комадан кийинки абалда, бирок абалы «туруктуу».

Бишкектеги Балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков Kloop.kgге «зордукталган» эки жашар бала ооруканадан чыгарылып, Биринчи май райондук сотунун өтүнүчү менен ата-энесине өткөрүлүп берилгендигин билдирди.

Шайбеков баланын абалы «туруктуу» деп бааланып жатканын, бирок ооруканадан чыгаруу маалында ал эс-учу жок болгонун билдирди.

«Ата-энесинде Баланын укуктарын коргоочулардын лигасынан уруксат жана Биринчи май райондук сотунун өтүнүч каты бар болгон. Алар бизге бардык тиешелүү документтерди көрсөтүштү, биз андан кийин гана баланы бердик», — деп кошумчалады Шайбеков

«Баланын укуктарын коргоочулардын лигасы» укук коргоо уюмунун башчысы Назгүл Турдубекова бала ооруканадан Бишкек мэриясынын Социалдык коргоо башкармалыгынын уруксаты боюнча чыгарылгандыгын айтты.

«Ага Бишкек шаарынын Социалдык коргоо башкармалыгынын уруксаты болгон. Атасы ата-эне укугунан ажыратылбагандыктан, ал баласын өзүнө алууга укуктуу», — деди Турдубекова

Анын айтымында, жабырланган баланы ата-энесине берүү маселеси Бишкек мэриясынын Социалдык коргоо башкармалыгынын алдындагы балдарга көзөмө жүргүзүү жана үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча комиссиясында талкууланган.

«Аларга (ата-энесине) уруксат беришти, анткени алар (балдар укуктары боюнча орган) баланын ата-энесин коркунучтуу деп көрүшкөн эмес. Бала ата-энеси эмес, а туугандары тараптан зомбулукка кабылган», — деп белгиледи ал.

Озерныйлык эки жашар бала Бишкек шаарындагы Балдардын клиникалык ооруканасына 2015-жылдын 11-январында жаткырылган — дарыгерлер анда бала аларга көптөгөн көгөргөн жерлери жана зордуктоо белгилери менен келип түшкөндүгүн билдиришкен.

Милиция баланын байкеси менен жеңесин кармап, аларды «саламаттыкка атайылап оор зыян келтирүүгө» жана «сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерге» айыптаган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, соттук-медициналык экспертиза баланын «зордукталгандыгын» аныктаган.

2015-жылдын апрелинде Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту баланын туугандарына карата козголгон кылмыш ишин карап баштаган. Милиция ошондой эле эки жаштагы баланын атасын «эрезеге жете элек баласын тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарган эмес» деп айыптаган.

Автор: Алтынай Джалмамбетова