Министрлер кабинети протоколдордун долбоорлорун жактырды, 8-майда аларга Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн башчылары кол коюулары керек.

Премьер-министр Темир Сариев 8-майла протоколдорго кол коюлгандан кийин кыргыз парламенти аларды ратифицикациялашы керектигин билдирди. Анын айтымында, андан кийин гана Кыргызстан биримдиктин толук укуктуу мүчөсү болуп калат.

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык жана Бажы биримдиктерине кириши боюнча макулдашууга президент Алмазбек Атамбаев тарабынан 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган.

«Өкмөт башчысы Кыргызстандын ЕАЭБге катышуусу биринчи күндөн тартып эле товарлардын, капиталдар менен кызматтардын эркин жүргүзүлүүсүн, ошондой эле биздин эмгек мигранттарынын жумушка орношууларын камсыздай тургандыгын белгиледи», — деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Сариевдин айтымында, Кыргызстандын бийлиги өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсү боюнча Жол картасынын бардык пункттарын аткарды. Жол картасы 2014-жылдын 29-майында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (биримдиктин жетектөөчү органы) жыйынында кабыл алынган.

Кыргызстан протоколдорго кол коюлушу менен 2015-жылдын 8-майында ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болот деп күтүлүп жаткан. Бирок 30-апрелде премьер-министр Темир Сариев интеграциялык биримдикке кошулуу майдын аягына чейин созула тургандыгын билдирген.

«Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кириши боюнча өкмөт так позицияга ээ: Кыргызстан ЕАЭБге кирет. Мындай чечим 23-декабрда, тиешелүү макулдашууга кол коюлгандан кийин кабыл алынган. Башка эч кандай саясий оюн жок.  Президент дагы, төрага дагы, өкмөт дагы чечимдердин бардыгы тең Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алуу менен кабыл алынышы керек деген бир пикирде», — деп жазган өкмөттүн басма сөз кызматы премьер-министрдин айткандарын.

Россельхознадзордун башчысынын жардамчысы Алексей Алексеенко РИА «Новостиге» берген маегинде Кыргызстан биригүүдө «алсыз жагы» болуп калышы мүмкүн болгон ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүсү керектигин билдирген.

«Эпизоотикалык көзөмөлдү калыбына келтирүү керек, анткени эпизоотия — оорулардын чыгуусу — бүтүндөй аймакка, коңшу өлкөлөргө да коркунуч жаратат. Андан сырткары чек арадагы ветеринардык көзөмөл өтө катуу болушу керек. Анткени продукция аткезчилик жол менен Кытайдан алынып келиниши мүмкүн. Мында чыныдыгында тобокелдиктер жогору», — деген Алексеенко.

ЕАЭБге кирүүнүн шарттары

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын билдирүүсү боюнча, ЕАЭБдин бажы мыйзамдары өлкөдө 2017-жылдын 1-январынан тарта иштеп баштайт.

Мекемеден Кыргызстан Бажы биримдигине (ББ) киргенден кийин бажы салыктары менен техникалык көзөмөл эрежелери өзгөрөт — алар «катаалдаштырылат».

Кыргызстан Бажы салыктары жана техникалык көзөмөл жөнүндөгү мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алган — андагы өзгөртүүлөргө ылайык, ал нормалар ББнын мыйзамдарына ылайыкташтырылып, бажы салыктары ББнын бирдиктүү тарифи менен аныкталат.

Тема боюнча: Кыргызстан ББга киргенден кийин мыйзамдар кандай болуп өзгөрөт: техникалык кароо кайтып келип, бажы салыктары өзгөрөт

Мамлекеттик Бажы кызматынын башчысынын орун басары Мукай Кадыркулов Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чек аралардагы көзөмөл-өткөрмө пункттарын (жалпысынан 20 өткөрмө пункт) кайрадан жабдуу үчүн Кыргызстанга эки жылдык убакыт берилгендигин айтты. Бир көзөмөл-өткөрмө пункту жабдуунун орточо баасы 115 млн. АКШ долларын түзөт.

Кадыркулов алгач кыргыз-кытай чек арасындагы «товарлардын 90 пайызы өткөн» Торугарт жана Эркештам көзөмөл-өткөрмө пункттары жаңылануудан өткөрүлө тургандыгын белгиледи.

ЕАЭБ жана ББ

Евразиялык экономикалык биримдик — Орусия, Казакстан жана Беларусь тарабынан түзүлгөн интеграциялык биримдик. 2015-жылдын 1-январынан тарта ага Кыргызстан менен Армения дагы кирет.

ЕАЭБдин Бажы биримдиги — бул ошол эле өлкөлөрдүн бирдиктүү бажы аймагы.

ЕАЭБдин бажы биримдиги — бул аталган өлкөлөрдүн бирдиктүү бажы аймагы.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн ЕАЭБге кириши тууралуу макулдашууга 2014-жылдын 23-декабрында кол койгон. Бирок ал өлкө 2015-жылдын май айында гана биримдиктин толук кандуу мүчөсү боло тургандыгын билдирген.

Кыргызстан биримдикке кошулуу процессин 2011-жылдын жазында эле баштаган. Үч жылдан кийин, 2014-жылдын майында, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр Кыргызстандын интеграциялык биримдикке кириши боюнча Жол картасын жактырышкан.

Тема боюнча: Кыргызстан Бажы жана Еврациялык экономикалык биримдиктерге карай кантип барды?

Кыргызстандын бийлиги ЕАЭБге кирүү үчүн Жол картасынын 181 пункттан турган тизмесин аткарышы керек болчу — тиешелүү мыйзамдарды, нормативдук-укуктук актыларды кабыл алып, бажы жана чек ара пункттарына жаңы жабдууларды орнотуу.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы башталып, өлкөдө көптөгөн талаш-тартыштарды жараткан.

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин колдогондор Кыргызстандын ишкерлери үчүн Казакстан жана Орусия сыяктуу ири сатып өткөрүү рыноктору ачылат деп эсептешет.

Каршы болгондор болсо Кытайдан келген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайрадан экспорттоо менен алектенген ишкерлердин банкрот болуу ыктымалдыгынан, ошондой эле Орусиянын Кыргызстанга болгон саясий таасиринин күчөшүнөн кооптонуп келишет.

Кыргызстан ЕАЭБге кирээр алдында президент Алмазбек Атамбаев Европа өлкөлөрүнө иш-сапары менен барып, андагы өлкө башчылары менен жолугуп, бизнес-форумдарга катышкан. Анда ал европалык ишкерлерге Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен Кытайдын рыногуна чыгууга «ачкыч» болуп бериши мүмкүндүгүн айтып, аларды өлкөгө инвестиция салууга чакырган.