Ички иштер министри Мелис Турганбаев милиция кызматкерлери криминал төбөлү Алмамбет Анапияевдин өлүмүнүн күбөсүн Москвадан коштоп келгендиктери тууралуу маалыматты четке какты.

Турганбаев Анапияевдин өлүмүнүн күбөсү бир апта мурун маалымат агенттиктеринде кабарлангандай Минсктен кыргыз милициясынын кызматкерлеринин коштоосунда эмес, а Москва аркылуу Бишкекке өзү келгендигин билдирди.

Криминал төбөлү Беларустун борборунда 2015-жылдын февралынын аягында өлтүрүлгөн. Бир нече күндөн кийин Бишкекке күбө Гүлжигит Абилазиев келип, милицияга Анапияевди өлтүрүүгө бийликтен качкан мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жанышка окшогон кишинин тиешеси бар экендигин билдирген.

«Бул сандырак кеп. Ал өзү келип, жактоочусу менен көрсөтмө берип жатат. Мүмкүн ал жакта Бакиевдер тынч отурбай көп сүйлөп жатышкандыр», — деп билдирди ички иштер министри Бишкектеги жаңы аймактык милиция бөлүмдөрүнүн ачылышында.

Турганбаевдин айтымында, учурда күбө кайтарууда. ИИМ башчысы кыргыз милициясы кримтөбөлдүн өлүмүн тергөөгө керектүү болгон бардык нерселерди жасагандыгын билдирди.

«Белоруссия тергөө жүргүзүп жатат. Биз өз ишибизди толугу менен аткардык. Келишим боюнча алар каалаган убагында келип, тергөө иш-чараларын өткөрө алышат», — деди министр.

29-апрелде «КирТАГ» маалымат агенттиги «Фэйсбуктун» колдонуучусуна шилтеме жасоо менен криминал төбөлүнүн өлүмүнүн күбөсү Москвадан Бишкекке кыргыз милициясынын коштоосунда келгендигин жазган.

Колдонуучу далил катары ал каттамдын жүргүнчүлөрүнүн тизмесин жарыялаган. Тизмеге ылайык, күбө менен бирге бир учакта ИИМдин алдындагы Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын башчысы Мирлан Каниметов менен милиционер Таалайбек Мамбетакунов болгон.

Кийинчерээк ИИМдин басма сөз кызматы милиционерлердин аталган каттам менен жүргөндүктөрү фактысын ырастаган, бирок аны жөнөкөй гана дал келүү деп атаган.

«Биздин кызматкерлер Москвага 22-февралда учуп кетишкен. Ал тууралуу жетекчиликке маалым болчу. Анда министр Ташкентте жүргөн. Алар Абилазизов менен бир учакта болуп калгандыктарына өзүлөрү таң калышты. А алар ал тууралуу жүргүнчүлөрдүн тизмеси интернетке жарыялангандан кийин билишти», — деп жазган «Азаттык» радиосу ИИМдин өкүлүнүн айтканын.

Анапияевдин өлүмү жана реакция

Кыргыз милициясы тарабынан криминал төбөлү деп эсептелген Алманбет Анапияев Минскте 2015-жылдыг февралынын аягында өлтүрүлгөн. Анын мууздалган денеси «Мерседестин» багажынан табылган.

Кийинчерээк өлтүрүлгөн «криминал төбөлүнүн» сүрөтү интернетке жарыяланган. Анапияевдин жактоочусунун айтымында, туугандары анын денесин көрүп, аны таанышкан.

Анын өлүмүнүн күбөсү Гүлжигит Абилазизов «криминал төбөлүнүн» өлүмүнө 2010-жылдагы революциядан бери Минскте жашырынып жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин тиешеси бар экенин билдирген.

Анапияевдин өлтүрүлүшү Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы мамилесине терс таасирин тийгизген. Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев расмий Минскти Бакиевдерди жаап-жашырууга айыптаган.

Кыргыз президентинин билдирүүсү кыйла эле эмоционалдуу болуп, Беларустун Тышкы иштер министрлигинин негативдүү реакциясын жараткан. Өлкөнүн сырткы саясат боюнча мекемеси кыргыз лидери өз сөзү менен аларды «кемсинткендигин» билдирген.

«Криминал төбөлү»

Алманбет Анапияев 2011-жылдан бери Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын сурамы боюнча эл аралык издөөдө. Ал Кылмыш кодексинин «адам уурдоо», «каракчылык» жана «адамды мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу» беренелери боюнча айыпталууда.

Жактоочу Жыргалбек Бабаев бул айыптоолорду «далилсиз» жана «божомолдоолордон куралган» деп атаган. Юристтин айтымында, ал жактоого алган адамга карата айтылган айытоолордун бардыгы тең «божомолдоолор менен ой жоруулардан» куралган.

Андан сырткары Анапияев укук коргоо органдары тарабынан 2009-жылдын мартында президенттин администрациясынын экс-башчысы Медет Садыркуловду өлтүрүүгө тиешеси бар деп шектелип келген.

2014-жылдын июлунда Анапияев Кыргызстанга келип тергөө менен кызматташууга даяр экендиги, бирок ага карата «адилеттүү тергөөнүн» болушун талап кылгандыгы тууралуу кабарланган болчу.

Ошондой эле Анапияев АКШнын бийлиги тарабынан түзүлгөн «Братский круг» аталышындагы эл аралык криминал авторитеттердин евразиялык тобунун тизмесине кирген.

Кабарчы: Алтынай Джалмамбетова
Оператор: Владимир Цай
Монтаж: Азат Рузиев