Борбордун милициясы 9-майда Жеңиш күнүн белгилөө маалында Бишкекте чоң унаа тыгындары болушун божомолдоодо.

Милиция чиновниктеринин айтымдарында, Жеңиш күнүн майрамдоо маалында чоң унаа тыгындары Киев, Токтогул, Жибек-Жолу, Тоголок Молдо, Исанов, Шопоков жана Гоголь көчөлөрүндө болот.

Жол кайгуул кызматынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов 9-майда шаар борборунда тыгындарды жаратпоо үчүн бишкектиктерди автоунааларды пайдаланбоого чакырды.

«Ал күндөрү борбордук аянт аркылуу транспорт менен жүрүүдөн кармансаңар жакшы болор эле», — деди Саркулов.

Анын айтымында, майрамга даярдык көрүү маалында транспорт кыймылы үчүн «Ала-Тоо» жана «Жеңиш» аянттары жабылат. 7-майда Чүй проспектисинин Ауэзов көчөсүнөн Чолпон-Ата көчөсүнө чейинки бөлүгүн аскердик техникалар ээлейт.

Жолдордун жабылышынын картасы:

  • кара сызык менен шаардын транспорт кыймылы үчүн толук жабыла турган бөлүктөрү көрсөтүлгөн;
  • кызыл сызык менен Бишкектин унаа тыгындары болуу ыктымалдыгы жогору көчөлөрү менен райондору көрсөтүлгөн.

Кыргызстан 9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 70-жылдыгын белгилейт. Парадды президент Алмазбек Атамбаев эмес, а Башкы штабдын башчысы Асанбек Алымкожоев кабыл алат.

Өлкө башчысынын өзү ал күнү Москвадагы парадда болот, а 8-майга Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны пландалган.

Автор: Владимир Цай.