Ырчы Бек Борбиев «Мегаком» уюлдук оператору техникалык колдоо кызматында өзбек тилин колдонуп жаткандыгы үчүн ага каршы митинг өткөрө тургандыгын жарыялаган. Бирок бүгүн ырчы ал акциясын токтоткондугун билдирди. Бул атайын кызматтагылар анын билдирүүсүндө «улуттар аралык кастыкты козутуу» чакырыктарынын бар-жоктугун текшере тургандыгын билдиргенден кийин жана коомдук ишмерлер акцияны «шовенисттик» деп атагандан кийин болууда.

Борбиев «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына «Мегакомго» каршы жарыялаган акциясын токтоткондугун жазды. Анын айтымында, ал өз чечимин коомдук ишмерлер менен гезиттердин сынынан кийин өзгөрткөн.

«Анткени бир топ белгилүү гезиттер, коомдук ишмерлер бул акцияны шовинисттик, улутчулдук көз карашта колдонуп, буруп кетишти. Мага Кыргызстандагы тынчтык керек, эки улутту кагыштырабыз дегендерге курал болгум келбейт», — деп жазды ал.

Буга чейин Борбиев «Мегакомдун» техникалык колдоо кызматынан өзбек тилин алып салууну талап кылып, эгер компания анын талабын аткарбаса митингке чыга тургандыгын билдирген.

«Эгер «Мегаком» компаниясы 10 күн ичинде, 15-майга чейин өзбек тилин колдоо кызматынан алып салбаса мен бүткүл Кыргызстан боюнча «Мегакомдун» колдоо кызматына каршы акция жарыялайм», — деп жазган ырчы.

Ырчы нааразычылык акциясынан кийин маалымат жыйынын өткөрө тургандыгын убадалап, уюлдук оператордун жетекчилигине «15-майда бардыгы башталарын» эскерткен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен Kloop.kgге мекеме Борбиевдин билдирүүсүнөн «улуттар аралык кастыкты козутуу» чакырыктарын көрбөгөндүгүн, бирок ошентсе да анда кастыкты козутуу чакырыктарынын бар-жоктугун текшерүүгө ала тургандыгын билдиришти.

«Азырынча аны айтууга болбойт, экспертизадан кийин так айта алабыз. Ошондуктан биз ал маалыматты алып, азыр текшерип жатабыз», — деди Сулайманов.

Бек Борбиев — белгилүү ырчы.  Мурда «Түндүк» бажысынын башчысы болуп иштеген жана өлкөдөн качкан президент Курманбек Бакиевдин жакын санаалаштарынын бири болуп, анын иш-чараларында ырдап жүргөн.