Ырчы Бек Борбиев «Мегаком» уюлдук операторунун техникалык колдоо кызматынан өзбек тилин алып салууну талап кылган. Атайын кызматтагылар анын ал билдирүүсүндө «улуттар аралык кастыкты козутуу» чакырыктарынын бар-жоктугун текшерет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Kloop.kgге берген маегинде мекеме азырынча Борбиевдин билдирүүсүнөн «улуттар аралык кастыкка» чакырыктарды көрбөй жатканын билдирди — белгилүү ырчы «Мегакомдун» колдоо кызматынан өзбек тилин алып салууну талап кылган.

Ошентсе жа УКМК Борбиевдин билдирүүсүндө «улуттар аралык кастыкты козутуу» чакырыктарынын бар-жоктугун текшерет.

«Азырынча аны айтууга болбойт, экспертизадан кийин так айта алабыз. Ошондуктан биз ал маалыматты алып, азыр текшерип жатабыз», — деди Сулайманов.

Ички иштер министрилигинин басма сөз кызматынын өкүлү Адыл Оморов Kloop.kgге анын мекемеси дагы азырынча Борбиевдин билдирүүсүнөн «улуттар аралык кастыкка» чакырыктарды көрбөй жатканын билдирди. Ал биздин бул суроо менен УКМКга кайрылуубузду өтүндү.

Борбиев өз билдирүүсүн 5-майда «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына жарыялаган — ал эгер «Мегаком» техникалык колдоо кызматынан өзбек тилин алып салбаса, уюлдук оператордун имаратынын алдына митингке чыга тургандыгын убадалаган.

«Эгер «Мегаком» компаниясы 10 күн ичинде, 15-майга чейин өзбек тилин колдоо кызматынан алып салбаса мен бүткүл Кыргызстан боюнча «Мегакомдун» колдоо кызматына каршы акция жарыялайм», — деп жазган ырчы.

Кийинчерээк Борбиев «Мегакомдун» өкүлдөрү анын талабын аткаруудан баш тарткандыгын, ошондуктан анын нааразычылыгы митинг менен гана чектелбестигин кошумчалаган. Ырчы нааразычылык акциясынан кийин маалымат жыйынын өткөрө тургандыгын убадалап, уюлдук оператордун жетекчилигине «15-майда бардыгы башталарын» эскерткен.

Борбиевдин бул билдирүүсү социалдык түйүндөрдүн кыргыз сегментинде ар түрдүү пикирлерди жаратты: кээ бирлери аны колдошсо, башкалары анын жоопкерчиликке тартылышын талап кылышкан.

Бек Борбиев — белгилүү ырчы.  Мурда «Түндүк» бажысынын башчысы болуп иштеген жана өлкөдөн качкан президент Курманбек Бакиевдин жакын санаалаштарынын бири болуп, анын иш-чараларында ырдап жүргөн.

Автор: Малика Баяз.

Сүрөт ырчынын Фэйсбуктагы баракчасынан алынды.