АКШнын Федералдык аппеляциялык соту америкалык жарандардын телефондорун тыңшоо жана алар аркылуу маалымат топтоо боюнча Улуттук коопсуздук агенттигинин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп тапты.

Соттун мындай чечим кабыл алуусуна жетишүүгө Жарандык эркиндикти коргоо боюнча америкалык биримдик аракет кылган.

«Нью-Йорк Таймс» гезити билдиргендей, чечим Улуттук коопсуздук агенттигинин (УКА) программаларынын америкалык Конгрессте талкууланып жатышынын фонунда кабыл алынды.

Соттун чечиминде жарандарга көзөмөл жүргүзүүдө АКШнын өкмөтү менен полициясына кеңири укук берген «Патриоттук акт» деп аталган мыйзамдын өлкөнүн ичиндеги бардык телефон сүйлөшүүлөрүн чогултуу жолу менен интерпретациялана албай тургандыгы жазылган.

Бирок соттун ал токтомунда телефондук тыңшоолорду толугу менен токтотуу тууралуу айтылган эмес — учурдагы мыйзамдар боюнча, ал ушул жылдын июнуна чейин легалдуу. УКАнын мындай ишмердүүлүгүн токтотуу үчүн кароого кийинки аптада чыгарылышы мүмкүн болгон мыйзамдын кабыл алынышы зарыл.

«Өкүлдөр палатасы кийинки аптада телефондук сүйлөшүүлөрдү жазып алуу боюнча өкмөттүк программанын жабылышына алып бара турган мыйзамды кабыл алууга даяр сыяктанат», — деп жазган гезит.

Аны менен катар жаңы программа иштеп баштайт. Ал УКАнын кызматкерлеринин террористтерди издеп табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн алардын абоненттердин ортосундагы байланыштарды анализдөө боюнча ыйгарым укуктарын сактап калат, бирок жазылып алынган сүйлөшүүлөрдү сактоо укугу телефондук компанияларга гана берилет.

Бул мындай мыйзам долбоорунун Конгресстин кароосуна алынып чыгарылган алгачкы учур эмес. Өткөн жылдын ноябрында ушул сыяктуу эле мыйзам Когресстин жогорку палатасы  — Сенат тарабынан четке кагылган. Ага мыйзамдын улуттук коопсуздук органдарынын өкүлдөрү тарабынан «террористтерге белек» деп аталгандыгы түрткү берген.

«Бул мындай жогорку деңгээлдеги соттун УКАнын программасын караган алгачкы учур», — деп жазган «Нью-Йорк Таймс».

Басылма Сырткы чалгынды көзөмөлдөө боюнча соттун судьялары буга чейин жашыруун негизде УКАга телефон сүйлөшүүлөрүн чогултууга мүмкүндүк берип келгендигин кошумчалаган.

Би-би-си дагы эгер конгрессмендер USA Freedom Actты («АКШнын эркиндиги» жөнүндөгү мыйзамды) кабыл алышса, «соттун токтомун күчөтө ала тургандыктарын» жазган. Аталган мыйзам боюнча добуш берүү кийинки аптада болот.

«Нью-Йорк Таймс» жазгандай, мыйзамды Конгресстин жогорку палатасында — Сенатта кабыл албай коюулары мүмкүн. Сенаттын спикери менен республикачылардын лидери Митч Макконелл документке каршы болуп келишет.

Президент Барак Обаманын администрациясы менен Сенаттын өкүлдөрү азырынча АКШнын Федералдык аппеляциялык сотунун чечимине эч кандай реакция жасаша элек.

Жарандык эркиндикти коргоо боюнча америкалык биримдиктин өкүлү Александр Эбдо соттун чечимин «укук үстөмдүгүнүн жеңиши» деп атады.

«Бул чечим мыйзамдын үстөмдүгүнүн жеңиши болуп эсептелет, ал Конгресстин чечимине түрткү бериши керек», — деп жазган «Нью-Йорк Таймс» Эбдонун айткандарын.

УКАдагы тыңшоолор

2013-жылы Улуттук коопсуздук агенттиги менен АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын мурунку аналитиги Эдвард Сноуден PRISM тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарган. (PRISM — аталган мекемелер тарабынан АКШнын жарандарын аңдуу боюнча кеңири масштабдагы программа).

Ачыкка чыгарылган маалыматтарга ылайык, улуттук коопсуздук органдары АКШнын ичинде гана эмес, Европа жана Түштүк Америка өлкөлөрүндө да телефондук сүйлөшүүлөдүн жазууларын чогултуп келишкен. Алардын арасында Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Бразилиянын президенти Дилма Руссефтин уюлдук телефондору тыңшалып келингендиги белгилүү болгон.

Программа тууралуу маалымат беделдүү «Вашингтон Пост» жана «Гардиан» гезиттери тарабынан басылып чыккан. Андан сырткары PRISM атайын кызматтарга Hotmail («Майкрософт»), Gmail («Гугл»), Yahoo сервистеринин колдонуучуларынын электрондук почталарын окууга, ошондой эле «Фэйсбуктан», «Ютубдан» жана «Эппл» компаниясынын техникаларынын ээлеринен жеке маалыматтарды алып туруусуна уруксат берген.

«Вашингтон Посттун» маалыматтары боюнча, УКАнын маалымат чогултуу системасы (анын ичинде PRISM дагы) күнүнө 1,7 миллиард телефондук сүйлөшүүлөр менен электрондук билдирүүлөрдү жана дүйнө жүзү боюнча уюлдук телефондордун ээлеринин жашаган жери, жылып жүрүүсү тууралуу 5 миллиардга жакын жазууларды алып турган.