Билим берүү министрлиги мектеп окуучуларын расмий бийлик адамдары менен жолугушуу иш-чараларына пайдаланууга тыюу салды. Бул премьер-министрди узак убакыт күтүп, ысыктан улам мектеп окуучуларынын бири эсин жоготуп жыгылгандан кийин болду.

Билим берүү министрлиги мектеп окуучуларын расмий адамдар менен жолугушуу иш-чараларына пайдаланууга 7-майда тыюу салды.

«Облустук жана райондук билим берүү борборлору менен институттарынын директорлору, райондук жана шаардын билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек менен Оштун билим берүү башкармалыгынын башчылары, билим берүү уюмдарынын директорлору тарабынан мамлекеттик жана балдардын майрамдарынан башка иш-чараларда, жолугушууларда, расмий адамдарды тосуп алууда мектеп окуучуларынын пайдаланылышына тыюу салынсын», — деп жазылган буйруктун текстинде.

Буйрук премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы менен чыгарылды. Ага Ошто эстеликтин ачылышына арналган иш-чарада расмий адамдарды күтүп жаткан маалда күндүн ысыгынан улам мектеп окуучуларынын биринин эсин жоготуп жыгылгандыгы себеп болгон.

Билим берүү мекемесинин басма сөз катчысы Амантур Ахметов Kloop.kgге берген маегинде буйрук жокко чыгарылганга чейин күчүндө боло тургандыгын айтты.

Буйруктун текстине ылайык, балдардын жана мамлекеттик майрамдар маалында ал жактарда сөзсүз түрдө медициналык жана милиция кызматкерлери болуусу керек.

«Мектеп окуучуларынын катышуусундагы иш-чаралардын узактыгы окуучулардын жаш курагын эске алуу менен белгиленет», — деп жазылган буйрукта.

Билим берүү министрлиги буйрукту бузгандарга карата «тартипке чакыруу жазаларын колдонууну» убадалоодо.

«Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын расмий иш-чараларга, жолугушууларга катышуусуна жол берген жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө карата ал адамдардын жоопкерчилигин карап чыгуу өтүнүчү менен өкмөткө кат жөнөтөт», — деп жазылган буйрукта.