Канадалык «Центерра» компаниясынын директорлор кеңешин шайлоодон кийин анын башкармалыгы өзгөргөн жок. «Кумтөр» ишканасын улутташтыруудан жана анын базасында биргелешкен ишкана түзүүдөн баш тарткандан кийин Кыргызстандын өкмөтүнүн башкы максаты компаниянын менеджерлеринин алмашышы болчу.

«Центерранын» директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо ушул жылдын 8-майында өттү.

«Центерра» компаниясы «Кумтөр» ишканасы менен ошондой эле аталыштагы алтын кенине толук ээлик кылат.

Анын жүрүшүндө компаниянын акцияларынын 33 пайызына ээлик кылган «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы өзү көрсөткөн талапкерлерден башкаларга добуш берүүдөн баш тарткан.

«Алтынга болгон дүйнөлүк баалардын төмөндөөсүнүн фонунда Кумтөрдө жыл өткөн сайын өндүрүштүн өздүк наркынын жогорулоосу байкалууда, андан сырткары капиталдык чыгымдар дагы кыйла өсүүдө. Тилекке каршы мунун бардыгы учурдагы жетекчиликтин компанияны башкаруусунун натыйжалуулугу жөнүндө ойлонууга мажбур кылган тынчты алган белги болуп эсептелет», — деп билдирди кыргыз ишканасы.

«Кыргызалтындын» бойкоту «Центерранын» учурдагы менеджерлеринин жаңы мөөнөткө шайланышына тоскоолдук кылган жок.

Кыргызстандын өкмөтү канадалык компанияны кенди натыйжасыз иштетүүгө айыптады. Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев «Кумтөрдү» улутташтыруудан жана биргелешкен ишкана түзүүдөн баш тарткан болчу.

Ал өз каалоосу менен отставкага кетээр алдында «Кумтөр» маселеси боюнча чечимдин жаңы стратегиясын — «Центерранын» директорлор кеңешинин курамын алмаштырууну сунуштаган.

«Центерра» акционерлердин 8-майдагы жыйынынын жыйынтыгы боюнча, канадалык компания эки жылдан бери уланып келе жаткан  «Кумтөрдүн» түзүмүн өзгөртүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын билдирди.

Биргелешкен ишкана түзүү «пайдасыз»

«Кумтөр» алтын өндүрүү ишканасынын түзүмүн өзгөртүү маселеси 2012-жылдын аягынан бери талкууланып келет.

Алгач кыргыз өкмөтү менен канадалык «Центерра» «Кумтөрдө» эки тараптын үлүшү бирдей боло турган биргелешкен ишкана түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

Бирок үстүбүздөгү жылдын апрелинин башында экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстан үчүн биргелешкен ишкана түзүү «пайдасыз» экенин билдирип, канадалык корпорациянын директорлор кеңешинин курамын кыргыз тараптын кызыкчылыктарына ылайыктап өзгөртүү сунушун айткан.

«Кыргызалтындын» маалыматы боюнча, «Центерра» тарабынан 2015-жылдын 20-мартында жарыяланган казуу иштеринин жаңы планынан улам биргелешкен ишкана түзүүнүн шарттары «пайдасыз» болуп калган.

«Жаңы планга жасалган анализдин жыйынтыгында «Кумтөр» ишканасынын түзүмүн өзгөртүү боюнча макулдашуунун экономикалык негизин толугу менен кайрадан карап чыгуу зарылдыгы бар экендиги ачык көрүндү», — деп жазылган кыргыз мамкомпаниясынын пресс-релизинде.

Казуу иштеринин жаңы планы боюнча алтын казууга божомолдор кыскарган — эгер 2012-жылдагы документте  кийинки 11 жылда «Центерранын» 6,4 миң унций алтын казуусу боожолдонгон болсо, жаңы планында — 4,8 миң гана унций көрсөтүлгөн.

Андан улам «Центерранын» кирешеси дээрлик эки эсеге — 2,9 миллиард доллардан 1,5 миллиард долларга чейин кыскарган.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев казуу иштеринин планындагы өзгөрүүлөрдөн улам Кыргызстан 700 миллион доллардан ашык үлүштүк киреше албай кала тургандыгын билдирген.