Бишкектин көчөлөрүндө учурда коомчулукта кызыгуу жараткан темалар тууралуу стрит-арттар көбүрөөк пайда боло баштады. Ал чыгармачылыктын бир бөлүгү социалдык, башкасы — саясий турмушка байланыштуу. Kloop.kgнин редакциясы бул искусствонун сүрөттөрүн бир материалга топтоду.

Фотосүрөтчү Джошик Мурзакметов, «Травля» тобунун жана социалдык түйүндөрдүн Gusindr Abiba жана Bakai04 аттуу колдонуучуларынын материалдарынын негизинде даярдалды.

Акыркы жылдары Бишкекте көчө искусствосу көбүнчө социалдык жана саясий контекстке ээ болуп баштады.

Анын авторлору Бишкектеги талкаланган тротуарлар жана «жөө адамдардын сезимдерин кеминтүү» тууралуу тамашалашышат:

peshehod-1024x732

…же шаар көчөлөрүндө түкүрүнгөндөргө нааразычылыктарын көрсөтүшөт:

harkat

Тымызын шылдыңдын ачык эле саясий темаларга өтүп кеткен учурлары да кездешет.

Сүрөтчүлөр бийликтен куулуп, Минсктен баш калка тапкан президент Курманбек Бакиев тууралуу ушундай деп айтышат:

bakiev-1

Алдыдагы парламенттик шайлоого талапкерлер тууралуу өз пикирлерин «Ленинград» музыкалык тобугунун солистинин сөздөрү менен төмөндөгүдөй билдиришкен:

vybory

Элдин «Ата-Түрк» сейил багына «хан сарайлардын» курулушуна болгон нааразычылыгы дагы искусстводо чагылдырылган:

meriya-1024x769

Сталин тууралуу дагы тамашалар орун алган:

11092979_880939188614662_1150208770_n

stalin

Аңдуу жана пропаганда темалары да четте калган эмес:

banksy-1024x768

11123727_385724104964623_1044236376_n

Азырынча контексттүү граффити жаңы гана өнүгүп келе жатат. Негизинен алардын көпчүлүк бөлүгү эч кимдин көңүлүн оорутпайт жана аларда чагымчылдык жок.

photo

selfie

beatles

chegevara