Белгилүү америкалык блюзмен Би Би Кинг Лас-Вегастагы хосписте каза болду. Музыкант 89 жашта болчу.

Көп учурда «блюз падышасы» деп аталган Би Би Кингдин өлүмү тууралуу 15-май күнү эртең менен музыканттын жактоочусу Брент Брайсон билдирди. Ал маалыматты америкалык CNN ири телеканалына музыканттын кызы Пэтти Кинг ырастаган.

Би Би Кинг кант диабетинин экинчи түрү менен 20 жылдан ашык ооруган. Диабеттен улам анын саламаттыгы начарлап, 2015-жылдын 6-апрелинде ооруканага жаткырылган. Блюзмен Лас-Вегастагы хоспистердин биринде көз жумду.

Кингдин каза болгондугу боюнча кайгыруу билдирүүлөрүн көптөгөн белгилүү актерлор менен музыканттар жасашты.

Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери болгон Би Би Кинг карьерасын 1949-жылы ‘Beale Street Blues Boy’деген каймана ат менен баштаган, кийинчерээк ал Би Би (B.B.) дегенге чейин кыскарган.

Ал 2006-жылкы «Коштошуу концерттеринен» кийин карьерасын аяктай турганын убадалаганы менен дээрлик өмүрүнүн аягына чейин сүйгөн ишин таштаган эмес. Би Би Кингдин One Kind Favor деп аталган акыркы студиялык альбому 2008-жылы чыккан. Жалпысынан блюзмен өз карьерасында 50дөн ашык альбом чыгарган. 2008-жылы Индианоле шаарында Би Би Кингге арналган музей ачылган.

Би Би Кинг түрдүү учурлардагы белгилүү музыканттар менен достошкон. 60-жылдары ал Фрэнк Синатрдын досу болгон, кийин блюзмен карьерасынын ийгиликтүү өнүгүшү үчүн ага ыраазычылык билдирген жайы бар, — кыйла эле белгилүү жана популярдуу болгон Синатра кээ бирде концерттерине Кингди чакырып, сахнага бирге чыгышкан.

2000-жылы Кинг гитарачы Эрик Клептон менен Riding With the King деген биргелешкен альбом чыгарган. Кийинчерээк ал экөө түрдүү концерттерде сахнага бирге чыгып жүрүшкөн.

Автор: Азамат Өмүралиев