Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылышынын курамына кирген «Ар-Намыс» партиясы парламенттик шайлоонун алдында башка партиялар менен бирикпейт. Бул тууралуу партиянын лидери Феликс Кулов билдирди.

Кулов анын партиясы эч ким менен бирикпестигин, анын ордуна алар жаштарды тартуу менен алдыдагы шайлоодо партиянын парламентке өтүү мүмкүнчүлүгүн жогорулата тургандыктарын айтты.

«Ар-Намыс» партиясы жана биздин партияга кошулууну каалаган адамдар гана, эми ушундай мамиле болот», — деди ал.

«Ар-Намыс» 2010-жылдагы парламенттик  шайлоодо башка саясий бирикмелер  — «ЭрК» партиясы, «Кыргызстандын аялдар партиясы» жана «Фермерлер партиясы» менен бириккенден кийин Жогорку Кеңешке өткөн.

Учурда 120 орундуу парламентте «Ар-Намыс» 25 мандатка ээ.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев ушул жылдын күзүнө белгиленген шайлоодо «Ар-Намыстын» парламентке өтүшүнө анчейин ишене бербейт.

«Менимче өтө албайт. Акыркы эле Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү боюнча КСДП партиясы кошумча артыкчылыктарга ээ болду. Карабайсыңарбы, Орусиядагы мигранттар президентке ыраазычылык катын да жөнөтүп жиберишти», — деди ал.

Эксперт Медет Төлөгөнов «Ар-Намыстын» шайлоодогу ийгилиги талапкерлер тизмесинде кайсыл адамдардын ысымдарынын болоруна жана партияны кимдин колдой тургандыгына көз каранды болот деп эсептейт.

«Барынан да «Ар-Намыстын» талапкерлер тизмесине жана колдоо тобуна кандай адамдарды тандап ала тургандыгы чоң мааниге ээ болот. Бул жагынан алып караганда, менимче кээ бир учурларда дал ушул кимде добуштарды ала ала турган адам ресурстары бар деген логикага  негизделип биригүүлөр болот», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

«PRO-KG» аналитикалык порталы «Ар-Намыстын» парламентке өз алдынча өтө алышынан күмөн саноодо. Анда жазылган макаланын автору Азамат Төлөгөновдун пикиринде, шайлоодо «Ар-Намыстын» добуштарын президенттик социал-демократтар партиясы алат.

«Шайлоодо КСДП үчүн «Ар-Намыс» партиясынын электораты добуш бериши мүмкүн, а «Ар-Намыстын» өзү 2015-жылдагы шайлоо алдындагы ат салышууда четте калат же партия-бренд катары башка партия менен блокко биригет», — деп жазган Төлөгөнов.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо — 2010-жылдагы апрель революциясынан кийинки экинчиси — ушул жылдын күзүндө өтөт.

Автор: Малика Баяз