2013-жылдын апрелинде болгон Бостон марафонундагы терактты уюштурууга айыпталган Жохар Царнаевге карата өлүм жазасына тартуу чечими чыгарылды.

Чечим сот арачылары тарабынан Бостондо 15-майда чыгарылды, деп жазды Би-би-си. Царнаев бир ай мурун 30 пункт боюнча күнөөлүү деп табылган, алардын 17си аны өлүм жазасына тартууга негиз берген.

12 кишиден турган сот арачыларынын калыстары бир добуштан Царнаев өкүнгөндүгүн көрсөткөн жок жана 2013-жылдын апрелинде болгон Бостон марафонундагы терактты уюштурууга катышкандыгы үчүн өлүм жазасына татыктуу деген чечимге келишкен.

Жардыруулардын жыйынтыгында үч киши каза болуп, дагы 260 киши түрдүү жаракаттарды алышкан.

«Азыр ал (Царнаев) кетет, биз болсок андан ары илгери жылуубузду уланта алабыз. Адилеттүүлүк. Ал өзү айткандай, «канга кан», — деген өкүм окулгандан кийин теракт маалында апасы эки бутунан ажырап, өзү аз жерден өлүп кала жаздаган Сидней Коркоран.

Америкалык бийликтин версиясы боюнча, теракт бир тууган Жохар жана Тамерлан Царнаевдер тарабынан уюштурулган. Тамерлан теракттан көп өтпөй полиция менен болгон атышуу маалында каза болгон.

Өкүм окулгандан кийин Царнаев Индиана штатындагы федералдык абакка которулат. Анда ал дары куюу жолу менен өлүм жазасына таруунун аткарылышын күтөт.

Би-би-синин Бостондогу кабарчысы Кара МакКелви өкүм окулгандан кийин Царнаев эч кандай эмоциясын көрсөтпөгөндүгүн, а кээ бир сот арачылар бышактап ыйлап жибергендиктерин жазган.

«Өлүм жазасына тартуу боюнча өкүм окулгандан кийин Царнаев башын төмөн ийди. Алтын сөйкө тагынган сот арачысы бөтөлкөгө куюлган суудан ичип, бир аздан соң бышактап ыйлап жиберди. Аны жанындагы сот арачысы сооротууга аракет кылды», — деп жазган журналист.

Терактта жабыр тарткандардын арасында Царнаевдин өлүмүн каалабагандар да болду — жардыруулардын биринде каза болгон 8 жаштагы Мартин Ричарддын ата-энеси «Бостон Глоуб» гезитине макала жазып, бийликтен Царнаевге карата өлүм жазасына тартуу чечимин чыгарбоону өтүнүшкөн.

«Ассошиэйтед пресс» маалымат агенттигиин журналисттери Царнаевдин атасы Анзорго телефон чалып байланышууга жетишишкен. Ал уулуна карата өлүм жазасына тартуу чечими чыгарылганын уккан соң өксөп ыйлап, телефон трубкасын коюп койгон.

Сот жыйынынын жүрүшүндө Царнаевди жактоочу тарап анын жардыруулардагы ролун мойнуна алган, бирок терактты ишке ашыруунун «кыймылдаткыч күчү» анын бир тууган агасы Тамерлан болгондугун баса белгилешкен.

Юристтер ошондой эле Царнаевдин балалык кезиндеги оор күндөрү тууралуу да айтышкан. Ал үй-бүлөсү менен бирге Кыргызстанда жана Дагестанда жашаган. Царнаевдер АКШга 2002-жылы көчүп барышкан.