Октябрь райондук соту «коррупцияга» шектелип жаткан депутат Карганбек Самаковду үй камагына чыгарды. Мындай чечим 17-майда, парламентарий кармалгандан эки күн өткөн соң кабыл алынды.

Сот жыйыны эки саатка созулуп, жыйынтыгында депутат бошотулду. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Самаков «айыл-чарбасына ылайыкташтырылган айдоо жерлерди мыйзамсыз трансформация кылууда» «коррупцияга» барган деп айыпталууда.

Башкы көзөмөлдөө органынын басма сөз кызматынан Kloop.kgге депутат «коррупция уюшутурууга» айыпталып жаткандыгын билдиришти. Башкы прокуратуранын өкүлүнүн айтымында, эгер Самаков күнөөлүү деп табылса, ал 20 жылдык мөөнөткө чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

«Биз башкалары боюнча маалыматтарды ачыкка чыгара албайбыз. Самаков боюнча гана айта алабыз, а калган кызмат адамдары тууралуу айта албайбыз. Анда 303-берененин 2-бөлүмүндөгү уюштуруу үчүн 2 жылдан 15-20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Эң максималдуу мөөнөт 20 жылга чейин», — деп билдириши мекеменин басма сөз кызматынан.

Октябрь райондук сотунун судьясы Амир Шагивалиев соттук этикага шилтеме жасап, чыгарган чечими боюнча Kloop.kgге эч кандай түшүндүрмө берген жок.

Самаков 15-майда суракка алынган. Андан соң Башкы прокуратура тарабынан кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган.

Депутатка тагылып жаткан айыптоолор анын мурдагы жардамчысынын көрсөтмөсүнүн негизинде куралган, бирок «Азаттык» радиосунун билдирүүсү боюнча, ал өз көрсөтмөсүнөн кайра баш тарткан.

17-май күнү эртең менен ал депутаттын жактоочусу Икрамидин Айткуловго кайрылып, «буга чейин берген көрсөтмөсүндө айтылгандар чындыкка дал келбестигин жана кайрадан көрсөтмө берүүгө даяр экенин» билдирген.

Карганбек Самаков — парламентке «Ата Мекен» партиясынан шайланган депутат. Ал анда экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетти жетектейт.

Автор: Малика Баяз