Орус режиссеру Мария Гуськова тарабынан Жалал-Абад облусунда тартылган «Эркиндин кайтып келиши» аталышындагы кыска метраждуу тасма Канн кинофестивалында коло сыйлыкка ээ болду.

68чи Канн кинофесивалындагы кыска метраждуу тасмалардын сынагында Мария Гуськованын Орусиянын атынан көрсөтүлгөн «Эркиндин кайтып келиши» аталышындагы тасмасы «Виктор  ХХ» испан тасмасы менен үчүнчү орунду бөлүштү.

Экинчи орунду Чилинин атынан катышкан «Жоголгон ханышалар» тасмасы алса, биринчи орунга өспүрүмдөр жана социалдык түйүндөр тууралуу америкалык «Бөлүшүү» драмасы ээ болду. Жалпысынан студенттердин кыска метраждуу тасмаларынын Cinefondation сынагында бул тармакка жаңыдан киришкен кинематографисттердин 18 картинасы көрсөтүлгөн.

«Эркиндин кайтып келиши» — Кыргызстандын аймагында үч жыл тартылган орусиялык режиссёр Мария Гуськованын эмгеги. 28 мүнөттүк тасма көптөгөн жылдар бою абакта отуруп, жакында эле боштондукка чыккан Эркин аттуу каарман тууралуу. Анда башкы каармандын эркиндиктеги көндүм болбогон жашоого ылайыкташуусу жөнүндө баяндалат.

Тасма Жалал-Абад облусунда үч жыл тартылган. Андагы диалогдордун бардыгы тең кыргыз тилинде жүргүзүлгөн.

Режиссёр Гуськова тасма тартуу маалында кыйынчылыктар болбой койбогондугун мойнуна алды: «Актерлордун көбү өзбек улутундагылар болгондуктан өзбектерге кысым көрсөтүү тууралуу тасма тартып жатышат деп ойлошуп, бизди тыңчылар деп шектенишкен, – деди режиссер. – Бирок бир нече убакыт өткөндөн кийин жергиликтүү тургундар бизге көнүп калышты».

Гуськованын картинасынан сырткары Cinefondation сынагына дагы бир орус тасмасы, режиссёр Максим Шавкиндин «Он төрт кадам» аталышындагы тасмасы катышкан, бирок ал эч кандай байгеге ээ болгон жок.

Автор: Азамат Өмүралиев