Экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, тагдыры башкы каарманды Рассел Кроу ойногон «Игры разума» тасмасында көрсөтүлгөн математик Джон Нэш менен жубайы жол кырсыгынан каза болушту.

24-майда Нью-Джерси штатынын магистарлдарынын биринде Джон Нэш менен жубайы Алисия Нэш бара жаткан такси жол кырсыгына учураган. Таксинин айдоочусу башка унаадан ашып өтүү маалында өз унаасын башкара албай калып, четтеги тосмого сүзүлгөн. Джон менен жубайы Алисия терезеден ыргып барып жолго түшүшкөн. Полициянын маалыматы боюнча, алар экөө тең коопсуздук курун тагынышкан эмес. Таксинин айдоочусунун өзү аман калган.

Математик Джон Нэш 86да, жубайы Алисия — 82 жашта болчу. Нэш оюндардын теориясы жана дифференциалдык геометрия тармагындагы изилдөөлөрү менен белгилүү болгон. 1994-жылы оюндардын теориясы боюнча диссертациясы үчүн ал экономика боюнча Нобель сыйлыгын алган. 2015-жылы болсо сызыксыз дифференциал теңдеме теориясына кошкон салымы үчүн 1 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай байгеси бар престиждүү Абелев сыйлыгына ээ болгон.

Жашоосунун бир бөлүгү шизофрения менен жабыркап өткөн математиктин тагдыры «Игры разума» тасмасында чагылдырылган, анда Нэшанын образын белгилүү актёр Рассел Кроу аткарган. Картина «Оскардын» төрт сыйлыгын алган, алардын ичинде «Мыкты тасма» номинациясындагы сыйлык бар.

Рассел Кроу Нэштин үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Математик Джон Нэш 2013-жылы Бишкекке келип кеткен. Анда ал инфляция жана акча сактоо тууралуу ачык лекцияларга катышып, дарстарды окуган. Ошондой эле Нэш андагы сапарында президент Алмазбек Атамбаев менен да жолуккан.