Дем алыш күндөрү жергиликтүү стартап коомчулукка «жандуу лайктардын» Alive Like деп аталган сервисин тааныштырды.

23-майда Бишкекте программалоо боюнча жергиликтүү Coder мектебинин демилгеси болуп эсептелген Alive Like сервиси тааныштырылды.

Сервис профилине кирбестен жана электрондук түзүлүштөрдү пайдаланбастан эле Facebook социалдык түйүнүнө «жандуу лайктарды» коюу мүмкүнчүлүгүн берет.

b22

 

Сервистин иши дүкөндөрдө, жана башка жайларда жайгаштырылышы керек болгон атайын «лайк» баскычтары менен Alive Star картасынын  өз ара аракеттенүүсүнө негизделген. Ал баскычтардын биринин бети менен карта тийишкен кезде колдонуучунун «Фэйсбуктагы» профилинен автоматтык түрдө «лайк» басылат.

Иштеп чыгуучулардын планы боюнча, бул карта бирин-бири кайталаган көптөгөн дисконттук караталарды алмаштырышы керек болот.

Сервистин иши ушул жылдын июлунан чейин башталышы керек.

Alive Star — Кыргызстандагы мындай долбоорлордун алгачкысы эмес. Дүйнөнүн жыйырма өлкөсүндө иштеген KNOQ сервиси жакында эле бизде дагы пайда болгон: анын иши  iBeacon технологиясын пайдаланууга негизделген. iBeaconдун атайын станциялары смартфондо орнотулган тиркеме бар шартта геолокация жана Bluetooth аркылуу колдонуучу жабдуу иштеген радиуска киргенде ага байкоо салып баштайт. Технология Bluetooth менен иштегендиктен, анын радиусу орточо дүкөндүн аянтынан чоң эмес болот.

KNOQ сервисин пайлануу купондук акциялардын ордун басат, колдонуучуга имараттар жана башка жайлар боюнча навигация жагынан жардам берет. Бишкекте KNOQ сервиси «Глобус» гипермаркетинде, «Мартини» барында, «Циклон» ресторанында жана башка жайларда иштейт.

Автор: Азамат Өмүралиев