Бишкекте автослалом боюнча Кыргызстандын ачык чемпионатынын биринчи баскычы болду. Анда мелдештер эки жана төрт дөңгөлөгү аракетте болгон автоунаалардын ортосунда өткөрүлдү.

Тандап алуу бөлүгүнө 57 айдоочу катышып, алардын 24ү байгелүү орундар үчүн мелдешке түшүштү.

Айдоочуларга атайын жол аркылуу атаандашынан тезирээк келүү зарыл болчу. Мелдештин эрежеси боюнча, алардын марага экинчи болуп келгени мелдештен четтетилет.

Эгер айдоочу каттамды аткарууда атайын орнотулган тоскоолдуктарга тийип кетсе, анда негизги убакытка кошумча айып секунддар кошулат.

«Автослалом», же «фигуралык башкаруу» термини, түрдүү тоскоолдуктардан турган оор аймактар аркылуу унааны жогорку ылдамдыкта жолтапмалык менен башкаруу дегенди түшүндүрөт.

«Толук привод» (төрт дөңгөлөгү тең аракетте болгон унаалар арасында) категориясы боюнча мелдешке 8, а «монопривод» (эки гана дөңгөлөгү аракетте болгон унаалар арасында) бөлүгү боюнча мелдешке 16 айдоочу катышты. Биринчи айлампанын жыйынтыгы менен алты айдоочу мелдештин финалдык бөлүгүнө өтүштү.

«Толук привод» дисциплинасынын жеңүүчүлөрү:

  • 1-орун – Алексей Веденев, Subaru Impreza STi;
  • 2-орун – Дмитрий Лошкарев, Subaru Impreza WRX;
  • 3-орун – Алишер Турдиев, Subaru Impreza WRX.

«Монопривод» дисциплинасынын жеңүүчүлөрү:

  • 1-орун – Виталий Батяйкин, Nissan Skyline;
  • 2-орун – Михаил Павлов, Honda Accord;
  • 3-орун – Рамиль Гатауллин, Mazda RX8.

Сюжет: Азат Рузиев, Тилек Бейшеналиев