Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы жер көчкүдөн алты киши каза болуп, дагы он эки киши жабыркады.
Жаратылыш кырсыгы 24-майга караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыржол айылында болуп, көчкү алдында беш турак үй калган. Андагы алты жергиликтүү тургун каза болгон, алардын ичинде үч жаш бала бар.
- Элнура Кенжебай кызы, 1995-жылы туулган;
- Мирлан Калыбек уулу, 2005-жылы туулган;
- Зарина Калыбек кызы, 2009-жылы туулган;
- Алымбеков Аттокур, 1958-жылы туулган;
- Сейдалиева Жамиля, 1958-жылы туулган;
- Нуржигит Аттокур уулу, 2012-жылы туулган.
Алардан сырткары дагы 12 киши жабыркаган.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер көчкү кесепеттерин жоюунун үстүндө иш алып барууда.
«Издөө-куткаруу иштери үчүн ӨКМдин ыкчам тобу, Куткаруу отрядынын республикалык куткаруучулары, тез жардам кызматы жана №22 Жол эксплуатациялык ишканасынын атайын техникалары тартылды», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.
ӨКМ жабыркагандарга он орундуу 10 чатыр, тазалык каражаттарын жана башка зарыл нерселерди бөлүп берди.
Президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөт каза болгондор менен жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө акча бөлүп берип, көңүл айтышты.
Вице-премьер Абдырахман Маматалиев кырсык болгон жерге барып, жабыркагандар менен жолукту. Анын айтымында, зыянга учурап талкаланган инфраструктураны калыбына келтирүүгө кетчү каражаттын көлөмүн аныктоо зарыл.
«Азыр алгачкы чаралар көрүлүп жатат, ыкчам штаб түзүлдү, жакынкы сааттарда гуманитардык жардам алып келишет. Турак-жайсыз калган адамдарды убактылуу жайгаштыруу иши уюштурулду», — деп жазды өкмөттүн басма сөз кызматы Маматалиевдин айткандарын.