Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы жер көчкүдөн алты киши каза болуп, дагы он эки киши жабыркады.

Жаратылыш кырсыгы 24-майга караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыржол айылында болуп, көчкү алдында беш турак үй калган. Андагы алты жергиликтүү тургун каза болгон, алардын ичинде үч жаш бала бар.

  • Элнура Кенжебай кызы, 1995-жылы туулган;
  • Мирлан Калыбек уулу, 2005-жылы туулган;
  • Зарина Калыбек кызы, 2009-жылы туулган;
  • Алымбеков Аттокур, 1958-жылы туулган;
  • Сейдалиева Жамиля, 1958-жылы туулган;
  • Нуржигит Аттокур уулу, 2012-жылы туулган.

Алардан сырткары дагы 12 киши жабыркаган.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер көчкү кесепеттерин жоюунун үстүндө иш алып барууда.

«Издөө-куткаруу иштери үчүн ӨКМдин ыкчам тобу, Куткаруу отрядынын республикалык куткаруучулары, тез жардам кызматы жана №22 Жол эксплуатациялык ишканасынын атайын техникалары тартылды», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

24.05.15-0291

ӨКМ жабыркагандарга он орундуу 10 чатыр, тазалык  каражаттарын жана башка зарыл нерселерди бөлүп берди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөт каза болгондор менен жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө акча бөлүп берип, көңүл айтышты.

24.05.15-0211

Вице-премьер Абдырахман Маматалиев кырсык болгон жерге барып, жабыркагандар менен жолукту. Анын айтымында, зыянга учурап талкаланган инфраструктураны калыбына келтирүүгө кетчү каражаттын көлөмүн аныктоо зарыл.

24.05.15-025

«Азыр алгачкы чаралар көрүлүп жатат, ыкчам штаб түзүлдү, жакынкы сааттарда гуманитардык жардам алып келишет. Турак-жайсыз калган адамдарды убактылуу жайгаштыруу иши уюштурулду», — деп жазды өкмөттүн басма сөз кызматы Маматалиевдин айткандарын.