Актриса Гүлайым Каниметова Кыргызстандын театралдык жашоосунда Курманжан Датканын образы менен белгилүү — бул ролу үчүн ал Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон жана Бишкектин борборундагы Алай ханышасынын эстелиги дал актрисанын образынан жаралган.
Каниметова кыргыз театрынын сахнасында 40 жылдан ашык убакыттан бери ойноп келет. Атактуу Мамлекеттик театр искусствосу институтун (ГИТИС) аяктагандан кийин аны курсташтары менен бирге театр түптөө үчүн Ошко жөнөтүшкөн.
«Ош театрын акыркы кышына чейин курдук деп айтсам болот. Курулуп бүткөндөн кийин биздин театр деп анын ичин жыйнап, тазалап, полдорун жууп, айланасына бактарды отургузганбыз», — дейт актриса.
Кыргызстандын түштүгүндө 20 жылга жакын иштегенден соң Каниметова Бишкекке көчүп келген. Ал мезгил аралыгында ал «Эмгек сиңирген артист», андан соң «Кыргыз ССРинин эл артисти» наамдарын алган.
Каниметова Төлөгөн Касымбеков менен Көчкөн Сактановдун Алай ханышасы тууралуу спектаклиндеги Курманжан Датканын ролу менен белгилүү. А Эркиндик гүлбагындагы Алай ханышасынын эстелиги Каниметова тарабынан ойнолгон Курманжан Датканын образынын негизинде тургузулган.
Актрисанын өзү театрдын жок боло тургандыгы жөнүндөгү көптөгөн сөздөргө карабастан кыргыз театрынын өнүгөөрүнө ишенет. «Мунун бардыгы убактылуу. Кыргыз театрынын жаңы «алтын» доору келет. Мен чыгармачыл жаштардын театр менен жашап жаткандыктарына кубанычтамын», — деди ал.
Немис драматургу Бертольд Брехтин «Мамаша Куражы»
Москвадагы мамлекеттик театр искусствосу институтун бүтүрүүчүсү Гүлайым Каниметова
Мен курсташтарым менен сыймыктанам. Алардын 10у «эл артисти» наамын, калгандары «эмгек сиңирген артист» наамын алышты.
Мухтар Ауэзовдун «Каракөз» драмасындагы Каракөздүн образында.
«Алай ханышасы» Курманжан Датканын образы үчүн мен тагдырыма жана режиссёр Бообек Ибраевге ыраазымын»