Ысык-Көлдүн түбүн тиричилик таштандыларынан тазалоо боюнча акция 21-майда Айлана-чөйрөнү коргоо мамагенттиги жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун демилгеси менен өткөрүлдү.

Демонстрациялык акция маалында журналисттер үчүн бир кап таштанды чогултулду —суучулдар жээктен анча алыс эмес жерге чейин сүзүп барышып, сууга чөмүлүү менен көлдүн түбүндөгү таштандыларды чогултушту. Чыгарылган таштандыларды алар жээкке алып чыгышып, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө көрсөтүштү.

Акция Чолпон-Ата шаарындагы «Эль-Нуру» пансионатында өттү. Аны Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Бишкектеги ЕККУ борборунун колдоосу алдында уюштурган.

Суучулдардын айтымдарында, таштандылардын негизгилери болуп желим бөтөлкөлөр, баштыктар, ошондой эле туристтердин сууда сүзүүчү каражаттары эсептелет. Булганган жерлердин көпчүлүгүн пансионаттар жана башка эс алуу жайларына жакын аймактар түзөт.

Иш-чара Кыргызстандагы Орхус борборлорунун ишмердүүлүктөрүнүн алкагында өткөрүлдү. Орхус — айлана-чөйрөнүн сакталышы жана анын корголушуна багытталган уюм.

«Эгер биз Ысык-Көлдөгү айлана-чөйрөнүн сакталышына көңүл бурбасак, анда аны жоготуп алабыз», — деди Бишкектеги Орхус борборунун башчысы Адил Нурбеков. Ал Ысык-Көлдүн булганышы андагы чабак балыктарынын жок болушунун себептеринин бири болду деп эсептейт.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Сабир Атажанов экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө бюджеттен каражат бөлүнбөстүгүн билдирди. Ал керектүү каражат инвесторлор аркылуу тартыла тургандыгын айтты.

Көлдүн түбүн жана жээктерин таштандылардан тазалоо боюнча иштер 2012-жылдан бери жыл сайын май айынан сентябрга чейин жүргүзүлүп келет. Акциялар Ысык-Көлдүн түндүк жана түштүк жээктериндеги эс алуу аймактарында өткөрүлөт.

Өткөн жылы Ысык-Көлдүн түндүк тарабынан суучулдар 57 куб метр таштанды чогултушкан. Жалпысынан 2015-жылы көлдүн түбүн, түштүк жана түндүк жээктерин тазалоого Жаратылышты коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүү боюнча республикалык фонддон 1,1 млн. сомдон ашык акча бөлүнгөн.

Сюжет: Беназир Ибраимова, Никита Серов