НАСА Эл аралык космос станциясынан тартылган Ысык-Көл менен Тянь-Шандын сүрөтүн жарыялады.

Түп нускасы НАСАнын жер обсерваториясынын сайтына жарыяланган. Которгон: Эльдияр Арыкбаев.

Бул сүрөт 2015-жылдын февралынын аягында, Эл аралык космос станциясынын бортундагы астронавттар Борбордук Азиядагы чоң тоо кыркыларынын бири эсептелген Тянь-Шандын үстүнөн өтүп бара жатканда тартылган.

Узундугу 182 чакырымды түзгөн Ысык-Көл — дүйнөдөгү эң чөн көлдөрдүн бири; ал чоңдугу боюнча Түштүк Америкадагы Титикака көлүнөн кийинки экинчи орунда турат.

iss042e295032_lrg (1)

Капчыгай суу сактагычынын ачык көк түсү анын Ысык-Көлдөн кыйла кичинекей экендигин көрсөтүп турат. Ал экөөнүн ортосунда Казакстандын Алматы шаары жайгашкан, ал тоолордун төмөнкү эңкейишинде дээрлик көрүнүп турат.

Аймактын көпчүлүк бөлүгүндөгү күндүн ачыктыгына салыштырганда бүгүн казак түштүк борборун күңүрт көк түстөгү коюу булут каптап тургандай.

Ысык-Көл — глобалдуу маанидеги биокөптүрдүүлүктүн суулуу, саздак жери. Ал Ысык-Көл биосфералык коругунун бир бөлүгүн түзөт.

Ысык-Көл Улуу Жибек жолунун боюндагы токтоп эс алуучу жерлердин бири катары кеңири тарыхый кызыгууга ээ. Кээ бир тарыхчылар Борбордук Азиянын бул бөлүгү Жибек жолу аркылуу XIV кылымда Европа менен Азияны көздөй тараган кара тумоо оорусунун келип чыккан чекити болгон деп айтып келишет.