Кыргыз депутаттары «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү биринчи окууда талкуулашты. Документ чет элдик укук коргоо уюмдарынын сынынын жана мыйзам долбоорун четке кагуу чакырыктарынын фонунда талкууланууда.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, «саясий ишмердүүлүк» менен алектенген коммерциялык эмес уюмдар «чет элдик агент» макамын алышат.

Бирок мыйзам долбоордун авторлору Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев «саясий ишмердүүлүк» деген терминге так түшүндүрмө бере алышкан жок.

Андан сырткары коммерциялык эмес уюмдар Салык кызматы менен Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматына отчет тапшыруудан сырткары өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу Юстиция министрлигине кошумча отчет берип туруулары керек болот.

Мыйзам долбоору 2014-жылдын июнунда демилгеленген. Президент Алмазбек Атамбаев мыйзам долбоорун 2014-жылдын ноябрында колдогон.

Кыргызстандын бейөкмөт уюмдары мыйзам долбооруна каршы болушуп, «чет элдик агент» макамын «кемсинтүү» деп аташкан. Ошондой эле алар президентке «тирешүүнүн ордуна кызматташууну» сунушташкан.

Бүгүн, 27-майда, Европа менен КМШнын 28 укук коргоо уюмунан турган топ кыргыз депутаттарын мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган. Укук коргоочулардын айтымдарында, мыйзам долбоору Кыргызстандын жарандык коомчулугуна «олуттуу коркунуч» туудурат.