Парламенттик көпчүлүктү түзгөн фракциялардын лидерлери «Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты. Ал өз ичине бийликтин үч бутагына тең тиешелүү болгон сегиз өзгөртүүнү камтыйт.
Мыйзам долбоорун парламенттик көпчүлүккө кирген үч фракциянын лидерлери — Феликс Кулов («Ар-Намыс»), Чыныбай Турсунбеков (КСДП) жана Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен») сунушташкан.
Мыйзамдын долбоору парламенттин басма сөз кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин сайтына 22-майда жайгаштырылды. Бул Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган 1993-жылдан берки өлкөнүн баш мыйзамынын тогузунчу редакциясы болот.
Мыйзам долбооруна жазылган пресс-релизде баш мыйзамдын 2010-жылы кабыл алынган жаңы редакциясы «өлкөдө чыныгы парламентаризмди орнотту» жана «бийлик менен элдин ажырымын ишенимдүү жойду» деп жазылган.
«2010-жылдын апрелиндеги элдин баатырдыгынан жаралган Конституцияда гуманизмдин бийик идеяларын, мурдагы бийлик тарабынан каралбай, тепселип келген демократиялык өнүгүүнүн жана мамлекетти куруунун ири жетишкендиктерин өзүнө камтыды жана орнотту», — деп жазылган парламенттик көпчүлүккө кирген фракциялардын лидерлеринин билдирүүсүндө.
Бирок алардын айтымдарында, 2010-жылы Конституцияга «баштапкы маани-маңызына, реалдуу турмушка дал келбеген», «кийинки практикада өзүн актабай калган» «өзүнчө түзөтүүлөр» киргизилген.
«Бул мамлекеттик органдардын ишинин баш аламан болушуна, бийликтин алсыздыгына жана чечкинсиздигине, элдин нааразычылыгынын өсүшүнө алып келүүдө», — деп ишендиришкен Кулов, Турсунбеков жана Текебаев биргелешкен билдирүүсүндө.
Аны менен катар Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси оппозициялык депутаттар жана жарандык коом тарабынан бир нече жолу сындалган. Бул демилгеге каршылыгын билдирип жаткандардын башкы аргументи 2010-жылдагы референдум менен кабыл алынган баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртүүгө киргизилген мораторий эсептелинет.
Мыйзам долбоору бийликтин аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бутактарынын үчөөнө тең тийиштүү болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт.
Аткаруу бийлиги
Сунушталган өзгөртүүлөр:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары кеңеш тарабынан эмес, а өкмөт тарабынан дайындалат;
- премьер-министр өкмөт мүчөлөрүн отставкага кетире алат;
«Бийликтин бардык бутактарынын ичинен мамлекеттик аткаруу бийлиги өзүнүн табияты боюнча эң мобилдүү жана тез уюштурула тургандай болууга тийиш», — деп жазылган парламенттик көпчүлүктүн лидерлеринин билдирүүсүндө.
Мыйзам долбоорунда буга чейин жергиликтүү кеңештер тарабынан тандалып келген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоону жокко чыгарып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчысына ишеним көрсөтпөө тууралуу ченем кошуу сунушталууда.
Өкмөттүн ишмердүүлүгүнө тийиштүү болгон экинчи өзгөртүү министрлер кабинетинин мүчөлөрүн отставкага кетирүүнүн тартиби менен мехнизмин аныктайт.
«Колдонуудагы Конституция өзүнүн бир ченеминде (87-беренесинин 5-бөлүгүндө) жеке отставка менен катар өкмөт мүчөсүнүн кызмат ордунан жалгыз бошотулушун көрсөтүү менен ушул механизмди ачып көрсөткөн эмес […]. Мындай анык эместик иш жүзүндө мүчүлүштүктөрдү жаратууда, колдонуудагы мыйзамды конституциялык эмес деп таануу тобокелдигисиз ушул мыйзамдын деңгээлинде кемчиликтерди толуктоо проблемалуу», — деп түшүндүрүлгөн өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы.
Ушундай эле механизмди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары үчүн да киргизүү сунушталууда.
Мыйзам чыгаруу бийлиги
Сунушталган өзгөртүүлөр:
- укук коргоо органдары депутаттарды мандат алганга чейин жасаган кылмыштары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тарта алышат;
- партиялар депутаттарды чакырып алуу жана аларды мандатынан ажыратуу укугуна ээ болушат;
- премьер-министр отставкага кеткенден кийин депутат боло алат.
Колдонуудагы Конституцияга ылайык, Кыргызстанда бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы башкысы болуп эсептелет. Өзгөртүүлөрдүн демилгечилеринин айтымдарында, анын ишмердүүлүгүнө дагы өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
Биринчи өзгөртүү депутаттык кол тийбестикке байланыштуу — парламентик көпчүлүктүн лидерлери Конституциядагы ушул ченемди «кайра карап чыгууну» сунуштап жатышат, анткени ал «саясий коррупция менен күрөшүү боюнча бардык аракеттерди жокко чыгарууда».
« Жасаган кылмыштары үчүн кылмыш куугунтугунан качкан адамдар Жогорку Кеңешке өтүүгө умтулуп жатат деген пикир коомдун белгилүү бир бөлүгүндө пайда болду», — деп жазылган депутаттарды билдирүүсүндө.
Өзгөртүүлөргө ылайык, депутаттарды «өзгөчө оор кылмыштар» үчүн гана эмес, а «депутаттык мандатты ала электе жасаган кылмыштары» үчүн дагы кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушталууда.
Сунушталган экинчи өзгөртүүгө ылайык, саясий партия эгер өзү көрсөткөн депутат «ишенимди актабаса» анын мандатын чакырып ала алат. Конституциянын учурда колдонуудагы редакциясына ылайык, саясий партия депутатты парламенттен чакырып алып, аны мандатынан ажырата албайт.
« Жасаган кылмыштары үчүн кылмыш куугунтугунан качкан адамдар Жогорку Кеңешке өтүүгө умтулуп жатат деген пикир коомдун белгилүү бир бөлүгүндө пайда болду», — деп эсептешет Кулов, Турсунбеков жана Текебаев.
Депутатты парламенттен чакырып алуу жана аны мандатынан ажыратуу тууралуу чечимдер саясий партиянын съездинде кабыл алынат. Демилгечилердин айтымдарда, бул «жалкоо депутаттардан» арылууга жана шайлоочулардын алдында өзүнүн жоопкерчилигин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Үчүнчү өзгөртүүдө премьер-министр өкмөт башчылыгынан кеткен учурда ага депутаттык мандатын кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүн ыйгаруу сунушталууда.
Сот бийлиги
Сунушталган өзгөртүүлөр:
- парламент Жогорку соттун башчысы менен анын орун басарларын тандоо укугун алат;
- кыргызстандыктар Жогорку соттун акыркы чечиминен кийин дагы «жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча» иштеринин кайрадан каралышына жетишүү укугуна ээ болушат;
- Конституциялык палата Жогорку соттун курамынан чыгарылат жана мамлекеттик көзөмөлдөөчү орган болуп калат.
Мыйзам долбоорунун авторлору Кыргызстанда 2011-жылы башталып, азыркыга чейин уланып келе жаткан соттук реформаны сынга алышкан. Алардын пикирлеринде, өзгөртүүлөрдүн бардыгы тең Конституциянын кээ бир ченемдеринин соттук система бөлүгүндөгү «туура эмес, а көпчүлүк учурларда парадоксалдуу конструкцияларга» барып такалат.
«Конституциянын ченемдеринин ийкемсиздиги, айрым учурларда ашыкча майда-баратына чейин жазылгандыгы өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө кеңири колдонулган институттарды: мисалы, элдик сот арачыларын, сот актыларын кайра кароонун кыйла жакшырган жол-жоболорун колдонууга мүмкүндүк бербей жатат», — деп жазылган билдирүүдө.
Буга байланыштуу мыйзам чыгаруучулар парламентке Жогорку соттун башчысын жана анын орун басарларын тандоо укугун берүүнү сунуштап жатышат. Алардын пикирлеринде, бул өлкөнүн башкы сот органынын «туруктуулугун жогорулатат».
«Жогорку соттун төрагалыгына жана анын орун басарлыгына талапкерлер конституциялык мыйзамда белгиленген эрежелерге ылайык Жогорку соттун судьялыгына шайлангандардын арасынан Президент тарабынан сунушталат», — деп жазылган мыйзам долбоорунда.
Экинчи өзгөртүү Жогорку соттун иштерди кароо бөлүгүндөгү ыйгарым укуктарына тиешелүү.
«Мисалы, Конституцияда Жогорку соттун актылары акыркы жана даттанууга жатпайт деп белгиленген. Бирок биз билебиз, бардык мамлекеттерде “жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча” кайра карап чыгуу институту бар. Бул институт бизде да бар жана активдүү колдонулат: Жогорку соттун чечимдери кайра каралат», — деп жазылган мыйзам долбоордун авторлорунун билдирүүсүндө.
Депутаттар жарандарды Жогорку соттогу соттук каталардан коргоонун кошумча жаңы формаларын аныктап, иштердин «жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча» кайрадан каралуу мүмкүнчүлүктөрүн ачууну сунуштап жатышат.
Үчүнчү өзгөртүү менен Конституциялык палатаны сот системасынан чыгарып, аны Конституциянын сакталышына укуктук көзөмөл жүргүзө ала турган мамлекеттик органга айландыруу сунушталууда. Учурда палата Жогорку соттун курамына кирет.
«Конституциялык палатанын кеңейтилген ыйгарым укуктары, ошондой эле анын ишинин башка маселелери жаңы конституциялык мыйзамда чечилет деп сунушталууда», — деп жазылган парламенттик коалициянын лидерлеринин билдирүүсүндө.
Бул өзгөртүүлөрдү Өмүрбек Текебаев, Чыныбай Турсунбеков жана Феликс Кулов «минималдуу» өзгөртүүлөр деп аташып, алар Конституциянын кээ бир жоболорундагы «ачык-айрым карама-каршылыктарды жараткан кемчиликтерди жоет» деп ишендирип жатышат.
Сын
Буга чейин жарандык коомчулук менен оппозициялык депутаттар Конституцияны өзгөртүүгө бир нече жолу каршылыктарын билдиришкен. Алсак, Сот системасын көзмөлдөө боюнча жарандык кеңеш Конституциялык палатаны сот системасынан чыгаруу «аны президенттин аппаратынын экинчи юридикалык бөлүмү кылып коет» деп эсептейт.
«Конституциялык палатага кайрылгандардын 87 пайызы — бул жарандар, демек жаран өзүнүн конституциялык укуктарын сотто талашуу укугунан ажырайт. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кыргызстандыктардын сот адилеттигине жетүү маселесин, корруцияны жоюу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык маселелердин чечилишин жакшыртпайт», — деп билдиришкен жарандык кеңештен.
Ошондой эле кеңеш мыйзам чыгаруу бийлигине өзгөртүүлөрдү киргизүү «парламентаризмди бузуп», «фракция лидеринин диктатурасын» орното тургандыгын белгилеген.
«[Өзгөртүүлөр] президент менен парламенттин бийликтин сот бутагына болгон таасирин кыйла күчтөнтөт. Өз кезегинде ал кармап туруу жана тең салмактуулук системасын бузуп, бийликтин узурпацияланышына алып келиши мүмкүн», — деп эсептешет Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештегилер.
Саясий-укуктук изилдөөлөр борборунун директору Тамерлан Ибраимов «Азаттык» радиосуна берген маегинде сунушталган өзгөртүүлөрдү «өлкөнүн өнүгүшү үчүн принципиалдуу» болуп эсептелбеген «косметикалык» өзгөртүүлөр деп атаган.
«Юрист катары, Кыргызстандын жараны катары учурдагы Конституциянын өзгөртүлүшүнө толугу менен каршымын. Менин көз карашымда бул жыйынтык бербейт, демилге коркунучтуу болушу мүмкүн. Анткени конституциялык түзүлүштүн системасын бузуу менен биз жай аракетке келчү минаны коюп жатабыз», — деп жазган «Азаттык» Ибраимовдун айткандарын.
Саясат таануучу Марс Сариев «Озодагон» маалымат агенттигине берген маегинде Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү «кооптуу» болушу мүмкүндүгүн жана өлкөнүн жарандары ал өзгөртүүлөрдөн «кандайдыр бир контекст көрө тургандыктарын» билдирген.
«Алдыда парламенттик шайлоо келеатат, андан кийин президенттик щайлоо болот, анан адамдарда бийлик Конституцияны өзүнө ылайыкташтырып өзгөртүп жатат деген ой пайда болот. Өлкөнү Аскар Акаев, Курманбек Бакиев башкарып турганда да ошондой болгон. Жарандар андан бери эч нерсе өзгөргөн жок, азыркы бийлик дагы ошондой кылып жатат деп ойлошот», — деп жазган «Озодагон» Сариевдин айткандарын.
Башкы сүрөт: «Азаттык» радиосу