Укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү милиция «Кырк чоро» жана «Калыс» кыймылдарынын мүчөлөрү тарабынан мыйзам бузууларга анчалык активдүү реакция жасабай жаткандыктарын билдиришти.
«Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын» медиа-координатору Алия Молдалиева маалымат жыйынында «Кырк-чоро» менен «Калыстын» Гомофобияга каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулган иш-чарага кирип баргандыктары тууралуу айтты.
Молдалиева ЛГБТнын коргоочуларынын паспорттук маалыматтарын «Кырк-чоро» менен «Калыстын» активисттерине берген Бишкектин Биринчи май райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин профессионалдык этикасы тууралуу маселени көтөрдү.
Ал укук коргоочулардын активсттердин аракеттерине зомбулук чаралары менен реакция жасоо ниети жок экенин кошумчалады. Молдалиева милициянын аларды «Калыс» менен «Кырк чородон» коргоосун өтүндү.
«Биз кандайдыр бир коргонуу отряддарын түзүп, «Калыс» менен көчөдөгү мушташтарга барбайбыз. Биз коргоо функциясын мамлекетке беребиз. Биз анда тез арада келгендиги үчүн милицияга ыраазычылык билдиребиз — алардын келиши бизде кафеден эркин чыгып кетебиз жана бизди эч ким сабап жибербей т же өлтүрбөйт деген үмүт пайда кылды», — деди ал.
«Алардын бири тосмодон ашып өттү. Башкалары дарбазанын кармагычын сындырып, кирип келишти. Анан уруксатсыз эле сүрөткө, видеого тартып киришти. Качан кафедеги кыздардын бири камеранын объективин жабууга аракет кылганда кол салгандардын бири аны түртүп жиберди, башкасы чачынан тартты», — деди ал.
Юрист Марат Токтоматов ички иштер министри Мелис Турганбаевден «Кырк чоронун» активисттерине карата чара көрүүсүн өтүндү.
«Же тергөөчү тажрыйбасыз, же Ички иштер министрлиги тарабынан макулдашылган же кандайдыр бир милдеттенмелер болууда деген ой пайда болууда. Карасаңар, мисалы, эгер кимдир бирөө көчөдөн телефон уурдаса, ал тергөө абагына камалат, а бул жакта чакырыктар болуп жатпайбы», — деди ал.
«Бир дүйнө — Кыргызстан» кыймылынын башчысы Төлөйкан Исмаилова «Кырк чоро» жана «Калыс» кыймылдарынын мүчөлөрүнө карата милициянын эмне себептен Кылмыш кодексинин нормаларын колдонбой жаткандыгына таң калууда.
«Биз бардык нерсени жасай ала турган жаңы баатыр (тырмакчанын ичинде) Жеңиш Молдокматовдун УКМКнын дагы, милициянын дагы ордун басып, бизнес уюмдарга кирип барып жатканын көрүүдөбүз. Мына жакында эле жүрүм-туруму начар адамдарды издеп базарлардын айланасында чуркап жүргөн. Аларга андай укукту ким берди эле?» — деп суроо салды ал.
24.kg маалымат агенттиги алардын кабарчысын укук коргоочулардын маалымат жыйынына киргизбей койгондуктарын жазды.
«Кире бериштен журналисттерди ЛГБТнын эки өкүлү тосуп алышып, «24.kg» маалымат агенттигинин журналисттерин киргизбей тургандыктарын айтышкан. Алия Молдалиева кабарчыбыз Махинур Ниязова кара тизмеде экендигин билдирген», — деп жазылган агенттиктин сайтында.