Президент Алмазбек Атамбаев бою эң узун кыргызстандык Жеңишбек Райымбаевге ай сайын 10 миң сомдон өмүр бою төлөнүүчү стипендия белгиледи. Узакка созулган оорудан кийин Жеңишбек жакында бир бутун кестирүүгө аргасыз болгон.

Стипендия 28-майда президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен белгиленди.

«Кошумча социалдык колдоо көрсөтүү максатында Райымбаев Жеңишбек Айылчиевичке ай сайын 10 миң сом өлчөмүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин өмүр бою төлөнүүчү стипендиясы  белгиленди», — деп билдирди өлкө башчысынын басма сөз кызматы.

Ошондой эле Президенттин социалдык коргоо фондунан бою 2 метр 30 сантиметрден ашкан Райымбаевдин дарылануусуна 100 миң сом бөлүндү.

Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, ал жакында бир бутун кестирүүгө аргасыз болгон жана учурда майыптар арабасы менен жылып жүрөт.

Андан сырткары кыргыз ЖМКлары операциядан кийин Райымбаевге жеке даарыгер бөлүнүп берилгендигин жана ал кыргыз алпын күнүнө эки жолу барып карап турарын билдиришкен. Райымбаев учурда өзүнүн Нарын облусундагы үйүндө, а дарыгер Ак-Талаа районундагы ооруканадан жөнөтүлгөн.

Райымбаевге коомдун көңүлү 2014-жылы — Kloop.kgнин кабарчысы Гүлжан Турдубаева анын акча үчүн Ош базарында сүрөткө түшүүгө аргасыз болуп жүргөндүгү тууралуу видеосюжет даярдагандан кийин кадалган.

Ал ден соолугундагы көйгөйлөргө — кант  диабетине, денесиндеги шишиктүү жараларга, ашказанындагы көйгөйлөргө, башындагы шишиктерге жана муундарынын оорусуна бир нече жолу даттанган.