Премьер-министр Темир Сариев Казакстан, Беларусь жана Орусиядан Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча документтерди ратификациялоону «тездетүүсүн» өтүндү.

Сариев Казакстандын, Беларустун жана Орусиянын премьер-министрлери менен жолугушуп, алардан Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирүүсү боюнча документтерди ратификациялоо иштерин «тездетүүсүн» өтүндү.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлери менен Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйындары 28-майда Астанада өткөн.

«Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы учурда КРнын ЕАЭБге кирүүсү тууралуу келишимди ратификациялоо боюнча мамлекеттер ичиндеги жол-жоболор жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле Дмитрий Медведев жогоруда белгиленген маселелер боюнча чечимдердин кабыл алынышы процедураларын тездетүүгө көмөктөшөрүн айтып ишендирди», — деп билдирди кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы.

Кыргызстан ЕАЭБге кириши боюнча акыркы документтерге 2015-жылдын 8-майында Москвада кол койгон. Аларды кыргыз парламенти 20-майда ратификациялаган, а анын эртеси Кыргызстандын ЕАЭБге кириши тууралуу келишимге жана тиешелүү протоколдорго президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

20-майда премьер-министр Темир Сариев Армениянын, Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын парламенттери Кыргызстандын ЕАЭБге кириши боюнча документтерди кароого киришкенин билдирген.

21-майда Орусиянын Мамлекеттик думасынын спикери Сергей Нарышкин Кыргызстанга болгон иш-сапары маалында орусиялык депутаттар бул документтерди «жакынкы арада» ратификация кыла тургандыктарын билдирген.

Орусиянын Федерациялар кеңешинин төрайыма Валентине Матвиенко дагы ушундай эле билдирүү жасаган.

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков интервьюларынын биринде Кыргызстан ЕАЭБге кирүүдөн башка «альтернативага ээ эмес» экендигин белгилеген. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев дагы 2014-жылдын августунда өлкөнүн башка жолу жок экенин айткан.

Евразиялык биримдикке кирүү

Евразиялык экономикалык биримдик — Орусия, Казакстан жана Беларусь тарабынан түзүлгөн интеграциялык биримдик. 2015-жылдын 1-январынан тарта ага Кыргызстан менен Армения дагы кирет.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ЕАЭБге кирүү жөнүндөгү макулдашууга 2014-жылдын 23-декабрында кол койгон. Бирок ал анда өлкө 2015-жылдын май айында гана биримдиктин толук кандуу мүчөсү боло ала тургандыгын билдирген.

Кыргызстан биримдикке кошулуу процессин 2011-жылдын жазында эле баштаган. 2014-жылдын майында өлкө биримдикке кирүү боюнча 181 пункттан турган Жол картасын аткарып баштаган. Ошол эле жылдын күзүндө экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев ал процессти өлкөнүн сырткы саясатынын «приоритети» деп атаган.

Кыргызстан 2015-жылдын 8-майында ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болот деп күтүлүп жаткан, бирок апрелдин аягында премьер-министр Темир Сариев биримдикке кирүү «кечеңдер жатканын» билдирген.

Кыргызстандын бийлиги ЕАЭБге кирүү үчүн Жол картасынын 181 пункттан турган тизмесин аткарышы керек болчу — тиешелүү мыйзамдарды, нормативдук-укуктук актыларды кабыл алып, бажы жана чек ара пункттарына жаңы жабдууларды орнотуу.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы башталып, өлкөдө көптөгөн талаш-тартыштарды жараткан.

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин колдогондор Кыргызстандын ишкерлери үчүн Казакстан жана Орусия сыяктуу ири сатып өткөрүү рыноктору ачылат деп эсептешет.

Каршы болгондор болсо Кытайдан келген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайрадан экспорттоо менен алектенген ишкерлердин банкрот болуу ыктымалдыгынан, ошондой эле Орусиянын Кыргызстанга болгон саясий таасиринин күчөшүнөн кооптонуп келишет.

Кыргызстан ЕАЭБге кирээр алдында президент Алмазбек Атамбаев Европа өлкөлөрүнө иш-сапары менен барып, өлкө башчылары менен жолугушуп, бизнес-форумдарга катышкан. Ал европалык ишкерлерди Кыргызстандын ЕАЭБ менен Кытайдын рынокторуна чыгууга «ачкыч» болуп бере тургандыгына ишендирген.