Украинанын президенти Пётр Порошенко Грузиянын мурунку лидери Михаил Саакашвилини Одесса облусунун башчысы кылып дайындады. Анын талапкерлигин Украинанын министрлер кабинети сунуштаган.

30-майда президент Пётр Порошенко Михаил Саакашвилини Одесса облусунун губернатору кылып дайындады. Дайындоо тууралуу жарлык президенттин сайтына жарыяланды. Буга чейин Саакашвили Порошенконун кеңешчиси кызматында болчу.

Саакашвилинин талапкерлигин ушул жума күнү Украинанын министрлер кабинети сунуштаган. Ошол эле күнү Саакашвили Украинанын жарандыгын кабыл алды. Бул тууралуу алгачкылардан болуп өзүнүн твиттер-аккаунту аркылуу «Петр Порошенконун блогу» партиясынан депутат Сергей Лещенко билдирди.

Облус башчылыгына дайындалгандан кийин Саакашвили Одессаны «бүткүл дүйнөлүк кереметке» айлантууну убадалады. «Мен үчүн бул ишти баштоо маанилүү, анткени Одессаны башкы шаар, Кара деңиздин борбору кылуу бул узакка созулчу процесс болот. Кара деңиз бассейнинде потенциалы жагынан бул укмуштуудай шаар менен атаандаша ала турган шаар жок», – деди ал «112 Украина» телекананынын эфиринен.

Анын айтымында, шаарга туристтер менен инвесторлорду тартуу үчүн «олуттуу өзгөрүүлөр, жаңы эрежелер жана жаңы адамдар» керек болот.  Саакашвили анын максаты — «жасалма жаңжалдарды артка калтырып, коомду бириктирүү менен келчектин, ак ниеттүүлүктүн өнүгүшү жана бардыгы үчүн ачык-айкын эрежелер идеясынын айланасында жарандык ынтымакты түзүү» экендигин кошумчалады.

Украинанын Экономикалык өнүгүү жана соода министри Айварас Абромавичус президент Порошенконун чечимин колдоду. Ал Саакашвилини «өтө тез аранын ичинде баарын тазалай ала турган» «радикал» деп атады.

Днепропетровск облусунун мурунку губернатору Игорь Коломойский Саакашвилини «убактылуу фигура» деп атады. «Саакашвили тууралуу айтсам, мен аябай таң калып жатам. Оюмча, ал убактылуу фигура. Азыр ал Одессаны орустарга өткөрүп берип салат да анан биз аны кайра согушуу менен алышыбыз керек болуп калат», — деди Коломойский.

Орусиялык саясатчылар Саакашвилинин дайындалышы тууралуу жаңылыкка терс мамилелерин көрсөтүштү. Орусиянын ТИМинин Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Константин Долгов бул дайындоо боюнча өз пикирин билдирди.  «Грузин элине каршы көптөгөн кылмыштарды кылууга айыпталып жаткан Саакашвили неонацисттер эч жазасыз адамдарды өрттөгөн Одессанын губернатору болуп дайындалды», – деп жазды ал өзүнүн твиттер-аккаунтуна.

Саакашвили мекенинде мамлекеттик каражаттарды коротууга жана кызмат абалын ашыкча пайдаланууга айыпталып жатат. 2014-жылдын августунан бери экс-президент Грузиянын Башкы прокуратурасы тарабынан улуттук издөөдө.

Михаил Саакашвили менен Пётр Порошенко — Тарас Шевченко атындагы Киев университетинде бирге окуган мурунку курсташтар.

Автор: Азамат Өмүралиев