Маңзаты жана курал-жарактарды сатуу менен алектенген Silk Road интернет-дүкөнүнүн 31 жаштагы негиздөөчүсү Росс Ульбрихтке карата Нью-Йорк соту өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Ульбрихт 2013-жылы кармалып, анын маңзатын жана курал-жарактарды сатуу менен алектенге Silk Road сайты жабылган. Сайт Tor аталышындагы корголгон түйүндө катталган болчу. Ушул жылдын башында сот арачылары аны айыптоонун жети пункту боюнча тең күнөөлүү деп табышкан. Алар: тыюу салынган заттарды таркатуу, маңзатын сатуу, баңгизат картелин уюштуруу, опузалоо, хакерлик жана шылуундук.

Булардын негизинде аны 20 жылдык мөөнөттөн баштап өмүр бою эркинен ажыратууга чейинки жаза күтүп турган — ушул аптанын соңунда Манхэттендин Федералдык аймактык соту акыркы чечимин чыгарды. Ульбрихт мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошонуу укугусуз өмүр бою эркинен ажыратылды.

Ульбрихт ишти алып барып жаткан судья Кэтрин Форрестке жазган акыркы катында андан өмүр бою эркинен ажыратпоосун өтүнгөн.

«Менин жаштыгым болду. Эми силер менин жетилген курагымды алышыңар керек. Бирок сизден суранарым, менин карылыгымды албагылачы. Сураныч, мага туннелдин аягына кичинекей жарык калтырып коюңузчу. Ал мен үчүн саламаттыгымды сактап, алдыдагы жакшы күндөр тууралуу кыялданып, Жараткан менен жолукканга чейин кайрадан эркиндике болуу мүмкүнчүлүгү үчүн умтулуума шылтоо болчу жарык болот», – деп жазган Ульбрихт.

Бирок судья Фрост Ульбрихтин кылмышы —  көрсөтмө үлгү деген жыйынтыкка келген: «Сиздин ишиңиз буга чейин эч болуп көрбөгөн иш. Сиз биринчисиз. Сиздин бул ишиңизди кайталоону каалаган ар бир адам — мыйзамсыздыктын жазасыз калбай тургандыгын түшүнүүсү керек».

Ошондой эле ал Ульбрихттин кайсыл гана маңзатын саткан баңги төбөлү болбосун алардан эч айырмасы жок экенин, а анын эки жогорку билими анык актабастыгын, а тескерисинче, анын «өзгөчө кылмышкер» экенин көрсөтүп тургандыгын билдирди.

Silk Road сайты 2011-жылдан 2013-жылга чейин иштеди. Ал корголгон Tor  түйүнү менен иштеп, мыйзамсыз товарларды — маңзаты менен курал-жарактарды сатуу аянтчасы болгон. Товарлардын баасы Bitcoin крипвалюталары менен төлөнүп келинген.

ФБРдин маалыматы боюнча, сайттын иштеп баштагандан берки акча жүгүртүмү 200 миллион АКШ долларынан ашык сумманы түзгөн, а Ульбрихттин өзү комиссиянын эсебинен 18 миллион долларга ээ болгон. Жалпысынан дүкөндө 1,5 миллионго жакын сатып алуулар жүргүзүлгөн.

Автор: Азамат Өмүралиев