Төрт баласы менен Сирияга кетүүгө экинчи ирет камданып жаткан келин жанындагы эки коштоочусу менен Кара-Балта шаарынан кармалганы маалым болду.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтына чыккан. Автору: Айгерим Жаныкул кызы

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 30 жаштагы бул келиндин жанынан Өзбекстандын жараны деген жасалма паспорт табылган. Жарандардын согуш аймагы саналган Сирияга кетүүсүнүн токтобой жатышын адистер азгырыктардын көп болуп жатышы менен түшүндүрүүдө. Айрыкча социалдык тармактар аркылуу жүргөн үгүттөргө каршы жалпы коомчулукка чакырык ташташууда.

Москва аркылуу Сирияга жетүүнү максат кылган бул аял биринчи жолу Ош аэропортунда кармалган. Анда балдарынын жаш экендиги эске алынып, үй камагына чыгарылган экен. Ал акыркы кезде Кара-Суу районунан качып келип, Кара-Балта шаарында жашап жүргөнү маалым болду. Төрт баласын өзү менен кошо алып кетүүгө камданып жаткан бул аялдын максаты тууралуу күйөөсү да билген эмес

ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Райим Салимовдун айтымында, келинди Сирияга кетирүүгө кимдир бирөөлөр жардам берген:

- Күйөөсү Түштүк Кореяда иштечү экен. Эки күн мурун биз аны чакыртып алдык. Ал аялынын Сирияга кетерин билген эмес. Мыйзам боюнча балага паспорт ата-эненин макулдугу жок берилбейт. Бул жерде келин төрт баласына теңдокумент жасаткан. Жадагалса үч жаштагы баласына да паспорт берилген.

ИИМдин акыркы операциясында аял менен бирге дагы эки жаран кармалган. Алар буга чейин адамдарды интернет аркылуу Сирияга азгырат деп шектелген Касимов аттуу жарандын туугандары болуп чыккан. ИИМ өкүлү Райим Салимов алар ортомчу катары тапшырма алып турганын, учурда кармалып, сурак берип жатканын билдирди:

- Булар биз издеп жүргөн Касимов аттуу жаран менен тааныш экен. Касимов өз аялын да алдап, Түркияга андан ары Сирияга жөнөтүп жибергени маалым болду. Тигил жактагы шериктери бул жактагы адамдарына телефон аркылуу байланышып, ар бир жиберген киши үчүн акча салып турган.

Кармалгандардын бири, 1992-жылы туулган жигит кан күйүп жаткан Сирияга баш-аягы 15ке жакын жаранды Казакстан аркылуу жөнөткөнүн моюнуна алган. Ал адегенде "курмандыктар" менен социалдык тармактар аркылуу таанышып, анан ынандырчу экен.

Маалыматтарга караганда учурда Сирияга кеткен кыргызстандык жарандардын саны 400гө жакындап калды. Күч органдарынан билдиришкендей, ар кандай жолдор аркылуу жүргүзүлүп жаткан азгырыктарга көбүнесе 16 жаштан 28 жашка чейинки жаштар тартылууда. Айрыкча жаштарды эс алууга же окууга, жумуш беребиз деген шылтоолор менен чакырышат.

Теолог Зайнабидин Ажыматовдун пикиринде, Сирияны көздөй агылып жаткан жарандарга карата мамлекет олуттуу көңүл буруу керек.

- Бул бир-эки жолу маалымат берүү менен чечиле турган маселе эмес. Азыр жаштар динге көп кызыгып жатканы баарына белгилүү. Ошондуктан системалуу түрдө элге-журтка дин туурасында түшүнүк берүү зарыл.

Дин жаатындагы адистердин айтымында, эл диний түшүнүгү тардыгынан улам Сирияга кетүүдө деген да бүтүм туура эмес. Буга өмүр бою күч структурасында иштеген тажикстандык полковниктин “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулуп кетиши айкын далил болуп калды. Эксперттер бул маселени Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын, укук коргоочулардын, дин кызматкерлеринин эле мойнуна жүктөп койбостон, коомчулук жапа тырмак күрөшүүсү керек деп коңгуроо кагууда.