Бажы кызматы айлана-чөйрөнүн бузулушу үчүн деп башка өлкөлөрдүн мамлекеттик номуру тагылган автоунаалардан төлөм ала баштады. Ысык-Көлгө келе турган казакстандык колдонуучулар жаңы төлөмдөргө терс мамилелерин билдирип жатышат.

2015-жылкы туристтик мезгилдин алдында Кыргызстандын өкмөтү башка өлкөнүн мамлекеттик номуру тагылган автоунаалар үчүн төлөм киргизүү тууралуу токтом кабыл алды.

Ага ылайык, башка өлкөлөрдүн мамлекеттик номуру тагылган унаалардын айдоочулары Кыргызстанга кирүүдө унаасынын түрүнө жараша 800 сомдон 2500 сомго чейин акча төлөшү керек: мотоцикл айдоочулары — 800 сом, жеңил автоунаа айдоочулары — 1000 сом жана автобус айдоочулары — 2500 сом.

Токтомго ылайык, акча «айлана-чөйрөнүн булгангандыгы» үчүн алынат. Бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Нусурканов Kloop.kgге акча төлөнгөндөн кийин айдоочуларга дүмүрчөк бериле тургандыгын жана алар өлкөдөн чыгып кеткенге чейин сакталышы керектигин билдирди.

«Алар биздин өлкөгө кирген кезде салык төлөшөт, аларга өлкөдөн чыгып кеткенге чейин сакталышы керек болгон дүмүрчөк беришет. Эгер алар ал дүмүрчөктү жоготуп алышса, салыкты кайрадан төлөөгө туура келет», — деди ал.

Бажы кызматынын өкүлү андан түшкөн акчалар өлкөнүн бюджетин калыптандырууга багыттала тургандыгын кошумчалады. Айтымында, токтом туристтик мезгил аяктагандан кийин да күчүн жоготпойт.

«Главтур» туристтик компаниясынын башкы директорунун орун басары Канат Өмүркулов төлөмдүн киргизилиши туристтердин 2015-жылдын жай айларындагы агымына анчалык деле таасир этпейт деп эсептейт.

«Өз унаа каражаты менен келген туристтердин агымы анчалык деле чоң эмес. Бул аймактар аралык каттамдарга тиешелүү. Алматыдан негизинен автобустар менен келишет. Ал эки миң сомдун айланасындагы сумманы автобустагы туристтерге бөлүштүрүп коюшат», — деди ал.

Интернеттин казак сегментинин колдонуучулары төлөм киргизилгендиги тууралуу жаңылыкты терс кабыл алышты. Казакстандын ири шаары эсептелген Алматынын жашоочулары жай мезгилинде Ысык-Көлгө көп келишет.

«Биздикиндей эле бийлик. Төмөндөтүп, туристтердин тартуу менен акча табуунун ордуна аларды четтетүүгө болгон чараларды көрүшүүдө», — деп жазган «Тенгриньюз» порталынын Vik деген ысым менен катталган колдонуучусу.

«Мен алматылыкмын, Ысык-Көлдө да, Ала-Көлдө да болгом! Мен дагы ата мекендик туризмди колдогондордонмун! Ысык-Көлдө шарттардын жакшы экендиги талашсыз, бирок Ала-Көл деле өнүгүп жатат, жолдор курулууда!» — деп жазган «алматинец» деп катталган колдонуучу.