ФИФАнын жаңы шайланган президенти Йозеф Блаттер отставкага кете тургандыгы жөнүндө билдирди. Ал кийинки шашылыш шайлоодо кетерин жана ага талапкер катары катышпастыгын убадалады.

Өткөн аптада Йозеф Блаттер ФИФАнын президенттигине бешинчи жолу шайланган. Ал бул кызматты 1998-жылдан бери ээлеп келет. Блаттердин кайрадан шайланышы уюмдагы ири коррупциялык жаңжалдардын фонунда ишке ашты.

Блаттер ыйгарым укуктарын кийинки жылдын башында өтө турган ФИФАнын шашылыш жыйынында өткөрүп берет жана ошондо эле уюмдун жаңы башчысы тандалат.

Блаттер кызматтан кетери жөнүндө билдиргенден көп өтпөй ЖМКларда АКШнын Федералдык тергөөлөрдүн бюросу (ФБР) ага карата да тергөө жүргүзүп жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр пайда болду. ФБР тараптан Блаттердин ФИФАдагы коррупциялык иштерге тиешеси бардыгы текшерилип жаткандыгы тууралуу алгачкылардан болуп ABC News басылмасы билдирди.

Ошондой эле жакында америкалык басылмаларда Блаттердин жакын санаалашы, ФИФАнын башкы катчысы Жером Валькеге карата айыптоолор пайда болгон. ЖМКлар жазышкандай, ал 10 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү катталбаган банк которууларын жүргүзгөн, өз кезегинде ал атайын кызматтагылардын шектенүүлөрүн жараткан.

Жалпысынан АКШнын соту тарабынан коррупцияга жана акчанын изин жашырууга шектелген ФИФАнын тогуз чиновнигине жана ишмердүүлүктөрү уюмдун ишине байланышкан беш компаниянын жетекчилерине расмий айып тагылган. Ошол эле күнү Цюрихте ФИФАнын жети жогорку кызматтагы чиновниги кармалган.

Басма сөз каражаттары менен коомчулукта ал кармоолордун себептери катары дүйнөлүк биринчиликтерди өткөрүү өлкөсү катары Катар менен Орусиянын тандалышы айтылууда.

Йозеф Блаттер жакында жаңы шайлоо өткөрө тургандыгын жана ага катышпастыгын убадалады. Блаттердин отставкасынан кийин ФИФАны башкаруу каалоосу тууралуу Иорданиянын ханзадасы Али бин аль-Хусейн менен Франция курамасынын мурунку оюнчусу Давид Жинола билдиришти. Иордания ханзадасы Блаттер бешинчи жолу ФИФАнын президенттигине тандалган акыркы шайлоого талапкер катары катышкан болчу.

УЕФАнын президенти Мишель Платини Блаттердин отставкага кетүү чечимин жакшы кабыл алды. «Бул оор, тайманбастыкты талап кылган туура чечим болду», – деди Платини.

Англия футбол ассоциациясынын башчысы Грег Дайк дагы Блаттердин кеткендигин кубаттады: «Бул жакшы күн болду! Бул дүйнөлүк футбол үчүн өтө жакшы. Бул жаңы бир нерсенин башталышы», – деп билдирди Дайк Би-би-сиге курган маегинде.

Блаттердин өзү отставкасы тууралуу төмөндөгүдөй деп билдирди: «Мен өзүмдүн президенттигим жана акыркы 40 жылды кандай өткөрдүгүм тууралуу жакшылап ойлондум. Ал жылдар ФИФА жана спорттун футбол сыяктуу укмуштуудай түрү менен тыгыз байланышта болду. Мен ФИФАны жакшы көрөм жана футболдун өнүгүшү үчүн бардыгын кылгым келет. Мен футбол үчүн дагы көптөгөн жакшы нерселерди жасай аларыма ишенгендиктен ФИФАнын президентин шайлоого талапкерлигимди койгом. Бирок чакырыктар бүтүп калган жок.  ФИФАнын түзүмүнө терең өзгөрүүлөр керек. Менин кайрадан шайланышым футболдун бардык субъектиси тарабынан колдоого алынган жок».