Орусиянын Федералдык миграция кызматы 2018-жылкы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат үчүн объектилерди курууга катыша турган чет элдик эмгек мигранттарынын өлкөгө кирүүсүн жеңилдетүүнү сунуштоодо.

Орусиянын миграциялык кызматы 2018-жылкы дүйнөлүк чемпионат үчүн стадиондорду кура турган мигранттардын өлкөгө кирүүсүндө документтерди кароонунун мөөнөтүн кыскартууну сунуштап жатат, деп билдирди «Известия» гезити сунушталган мыйзам долбооруна шилтеме жасап.

«Легалдаштыруунун жеңилдетилген эрежелери футбол боюнча 2018-жылкы дүйнө чемпионаты үчүн объектилердин курулушунда иштөөнү каалаган бардык өлкөлөрдүн жарандарына тиешелүү болот. Биринчи кезекте потенциалдуу курулушчуларды аймактык бийликтер аныктачу жумушчу күчүнө болгон квоталардын эсебине карабастан алышат», — деп жазган басылма.

«Известиянын» маалыматы боюнча, дүйнөлүк чемпионатка объектилерди куруу үчүн жалданган компаниялар чет элдик жумушчу күчтөрүнө карата Орусиянын аймактарында белгиленчү квоталарды эсепке албастан эле куруучу-мигранттарды жумушка ала алышат.

Гезит мкаласында Миграция кызматынын демилгесин жактырган укук коргоочулар менен эксперттердин айткан сөздөрүн келтирген.

«Бул белгиленген мөөнөткө жетишүү үчүн жасалууда, андай курулуштарда мөөнөттөр катуу белгиленген. Ошондуктан катардагы орусиялыктардай эле жалданма курулуш компаниялары дагы арзан чет элдик жумушчу күчүн тартып жатышат. Владивостоктогу форумда дагы, 2014-жылкы Олимпиадада дагы ушундай болгон», — деп билдирген «Эмгек миграциясы» альянсынын башчысы Николай Курдюмов.

Азырынча Кыргызстандын Эмгек, жаштар жана миграция министрлиги менен Федералдык миграция кызматынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн жаңы мыйзам долбоору боюнча түшүндүрмө берише элек.

Басылманын маалыматы боюнча, 2018-жылкы дүйнөлүк чемпионат үчүн объектилерди курууга төрт орусиялык компания башкы жалдануучу болууда. Оюндар Орусиянын 11 шаарындагы 12 стадиондо өтөт — Москва, Санкт-Петербург, Казан, Нижний Новгород, Саранск, Калининград, Волгоград, Екатеринбург, Самара, Сочи жана Ростов-на-Дону.

Сүрөт: ТАСС.