Кыргызстандын Футбол федерациясы 2018-жылкы дүйнөлүк биринчиликтин тандап алуу бөлүгүнүн алкагында 16-июнда беттеше турган кыргыз жана австралия улуттук курамаларынын оюнуна карата промо-ролик чыгарды.

Кыргызстан менен Австралиянын футбол боюнча улуттук курамалары Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо («Спартак») 16-июнда ойношот. Ал кыргыз курамасынын 2018-жылы Орусияда өтө турган кийинки Дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу бөлүгүндөгү экинчи оюну болот.

Австралия Кыргызстандын B тобундагы эң күчтүү атаандашы болуп саналат — команда Азиянын учурдагы чемпиону болуп эсептелет, ошондой эле ал ФИФАнын рейтингинде 65-орунда турат.

Тема боюнча: 2018-жылдагы дүйнө биринчилиги: Кыргызстан Австралия менен бир топко туш келди

Кыргызстандын Футбол федерациясынын «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү билдирүүсүнө ылайык, оюндун билеттери сатыкта 8-июндан тарта пайда болот.

Кыргызстан — Австралия беттеши 16-июнда саат 20:00дө башталат.