Парламенттин депутаттары «чет элдик тыңчылар» жөнүндөгү мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда жактырышты. Укук коргоочулар менен коммерциялык эмес уюмдар документти репрессиялык деп аташып, аны кабыл албоого чакырышты.

Мыйзам долбоору парламенттин биринчи окуусунда кабыл алынды. Документтин кабыл алынышы үчүн 83 депутат добуш берип, 23ү каршы болушту. Добуш берүү мыйзам долбоорун талкуулабастан эле өттү — ал боюнча талкуу парламентте бир апта мурун эле болгон.

Өзгөртүүлөргө ылайык, «саясий ишмердүүлүк» менен алектенген коммерциялык эмес уюмдар «чет элдик тыңчы» макамын алышат. Бирок мыйзам долбоорунун авторлору Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев «саясий ишмердүүлүктүн» эмне экендигине так аныктама бере алышкан жок.

Коммерциялык эмес уюмдар Салык кызматы менен Социалдык фондго отчетторду тапшыруудан сырткары өз ишмердүүлүгү тууралуу Юстиция министрлигине кошумча отчет берип турууга милдеттүү болушат.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Ирина Карамушкина Кыргызстан мамлекеттин көңүлүн көйгөйлөргө буруп келген өзүнүн жигердүү өнүккөн жарандык сектору менен белгилүү экенин билдирди. Ал «чет элдик тыңчы» түшүнүгү «тыңчылык» менен жалгаша турганын айтты.

«Бирок кимдир бирөө бийликтин ишенимине кирип алган, жакшы каржыланат, анан алар сиз (Бакир уулу) айткандай «чет элдик тыңчы» болуп калышты, бирок ага өтө жакшы, сапаттуу жардам көрсөтүп жаткан көптөгөн бейөкмөт уюмдарыбыз да туш келип калышы мүмкүн да», — деди ал.

Жооп катары мыйзам долбоорунун автору, депутат Бакир уулу коммерциялык эмес уюмдар бийликтин аракети боюнча жогорку баскычтагы органга жа сотко кайрыла ала тургандыктарын билдирди. Айтымында, мыйзам долбоору бейөкмөт уюмдарга гана эмес, диний уюмдарга да багытталган.

Жыйындын жүрүшүндө Юстиция министрлигинин өкүлү мыйзам долбоорунун алкагында аларга жүктөлчү милдеттерди (уюмдарды текшерүү жана отчетторду кабыл алуу) аткара албай тургандыктан улам мекеме мыйзам долбооруна каршы болуп жатканын билдирди.

«Эгер мыйзам кабыл алына турган болсо Юстиция министрлиги коммерциялык эмес уюмдарды текшерүүгө алуусу керек болот, бирок ага мекемеде каражат жок жана акча бөлүү мыйзам долбоорунда да каралган эмес», — деп билдирди министрликтин өкүлү.

Депутат Дастан Бекешев парламенттик талкуунун жүрүшүндө мыйзам долбоору жарандарды көз карандысыз уюм түзүү каалоосунан чектей тургандыгын билдирген — анын айтымында, эч ким өзүнө «чет элдик тыңчы» макамын илгиси келбейт.

«Эгер гранттарды алып жаткан бейөкмөт уюмдар Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгына кол салган же кандайдыр бир жолдор менен, мисалы революция же төңкөрүш жасоо керек деп жарандардын пикирлерине таасир эткен фактылар болгон болсо мен аны колдомокмун. Бирок сиз андай фактыларды келтире албайсыз да», — деди Бекешев кесиптеши Бакир уулуна.

Өз кезегинде Бакир уулу Төлөйкан Исмаилованын «Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмун атады. Айтымында, аталган уюм «Мен гей жана мусулманмын» тасмасы менен «коомго салттуу эмес көз караштарды таңуулаган».

Депутат Данияр Тербишалиев дагы мыйзам долбооруна каршы болду — анын айтымында, андагы «саясий ишмердүүлүк» баш болгон бир канча термин кеңири түшүндүрмөлөргө ээ жана алар депутаттардын өзүлөрүнө каршы пайдаланыла турган «репрессиялык-жазалоо ыкмаларына» алып келиши мүмкүн.
«Кайсыл бир деңгээлде ар бир депутат эл аралык уюмдар менен кызматташат. Дээрлик бардыгы тең чет элдик иш сапарларга эл аралык уюмдардын эсебинен барышат. Турсунбай Бакир уулу, андай иш сапарларда сиз да болгонсуз. Эртең бизди ар бирибизди «чет элдик тыңчыларга» жардам бергенсиңер же тыңчысыңар деп айыпташы мүмкүн», — деди ал.

«Депутаттар экспертизаларды уруп да ойношкон жок»

«Бир дүйнө» укук коргоо уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилова «чет элдик тыңчылар» жөнүндөгү мыйзам долбоорунун каралышы жана кабыл алынышы — бул «СССРге, тоталитардык-авторитардык системага кайтуу» экендигин билдирди.

«Биз бул процесске өтө узак убакыт көзөмөл жүргүздүк жана азыр Орусиянын басымы өтө күчтүү болуп кетти, ал биздин жетекчилигибиз айткандай экономикалык процессте эмес, а жарандык жана саясий укуктарга таасир этип жатат деп айта алабыз. […] Мен өз жарандарына каршы ушундай күчтүү соккуну демилгелеген депутаттарды түшүнбөй турам — бул таптакыр түшүнүксүз, анткени оруиялык талаа таптакыр башка да», — деп эсептейт Исмаилова.

Ал каршы берилген добуштардын санына кубанычта экенин кошумчалады — айтымында, эң алгач мыйзам долбооруна «болгону 7-10 гана депутат» каршы чыгып жаткан.

«Бир дүйнөнүн» башчысы президент мыйзамга кол койгондон кийин да «алар ага каршы күрөшүүсүн токтотпой тургандыктарын» белгиледи — дагы Конституциялык палата «жана башка баскычтар» бар.

«Менин оюмча, бул бейөкмөт уюмдар, жарандык коомчулук, демократиялык лидерлер үчүн [кезектеги] сыноо», — деп белгиледи Исмаилова.

Шайлоолор жана парламенттин ишине мониторинг жүргүзүү менен алектенген «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын» башчысы Динара Ошурахунова «депутаттар бардык экспертизаларды уруп да ойношкон жок» деп эсептейт.

«Бул мыйзамга байланышкан бардык милдеттүү экспертизалар мыйзамдын Конституцияга, анын ченемдерине каршы келерин көрсөтүштү. Бирок алар [депутаттар] аны көңүлдөрүнө алууну каалашкан жок. Бейөкмөт уюмдар алар менен чоң иш жасашып, [ал мыйзам боюнча] түшүндүрүштү, бирок алар ага дагы көңүл бурушкан жок», — деди Ошурахунова.

Ал мыйзам долбооруна депутаттар «Москвадан берилген буйрутма» боюнча добуш беришкендигин билдирди. Ошурахунова «чет элдик тыңчылар» жөнүндөгү мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин депутаттар 2013-жылы Орусияда болгондой чет өлкөлүк ЖМКларга киришип башташы мүмкүндүгүн кошумчалады.
«Алардын бул мыйзам долбоорун өзүбүз демилгеледик деп айтып жатышы — болбогон сөз. Мунун бардыгы Москвадан берилген буйрутма жана депутаттар аны коркоктук менен аткарып жатышат», — деди Ошурахунова.

«Демокартия жана жарандык коом үчүн коалициясынын» башчысы мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин «башкача ой жүгүрткөндөр Кыргызстанда куугунтукка алынат» деп эсептейт.

«Чет элдик тыңчылар»

Мыйзам долбоору 2014-жылдын июнунда демилгеленген. Ал «саясий ишмердүүлүк» менен алектенген бейөкмөт уюмдарга каршы багытталган.

Аны менен катар мыйзам долбоордун авторлору Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев «саясий ишмердүүлүккө» так аныктама бере алышкан эмес — Мадалиев 2015-жылдын апрелинде ал «философиялык түшүнүк» экенин билдирген.

Президент Алмазбек Атамбаев мыйзам долбоорунун идеясын 2014-жылдын ноябрында колдогон, бирок документ боюнча акыркы көз карашын анын парламентте жактырылган версиясын көргөндөн кийин гана билдире тургандыгын бир нече жолу айткан.

Кыргызстандын бир канча бейөкмөт уюмдары мыйзам долбооруна каршы болушуп, «чет элдик тыңчы» макамын «кемсинтүү» катары баалашып, президентке «тирешүүнүн ордуна кызматташууну» сунушташкан.

А 2015-жылдын 27-майында КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн 28 укук коргоо уюмунан турган топ кыргыз депутаттарын мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырышкан. Алардын айтымдарында, документтин кабыл алынышы Кыргызстандагы жарандык коомчулукка «олуттуу коркунуч» жаратат.