Оппозициялык парламентарийлер «Альфа Телеком» («Мегаком») компаниясынын сатылышына каршы пикирлерин билдиришти. Алардын айтымдарында, уюлдук оператор Кыргызстандагы «эң кирешелүү компаниялардын бири» болуп эсептелет. Алар компанияны менчиктештирүү боюнча планы үчүн экономика министри Олег Панкратовдун отставкасын талап кылышты.

Оппозициялык депутаттар Исмаил Исаков менен Дастан Жумабеков «Альфа Телеком» компаниясын («Мегаком» уюлдук операторуна ээлик кылат) жеке менчикке берүү боюнча өкмөттүн планына каршы чыгышты.

Исаков анын «жогорку кирешелүү» компания экенин айтып, бул боюнча өкмөттүн 2-июнундагы жыйынында сунуш киргизген экономика министри Олег Панкратовду отставкага кетирүүнү сунуштады.

«Бул жогорку кирешелүү компания болуп эсептелет, бирок Панкратов кирешесинин аздыгына шилтеме жасап, аны саткысы келип жатат. Мындай өкмөт мүчөлөрүн дароо кызматтан алуу керек. Компаниянын кирешеси жогору. Мен мындай демилгелерге каршымын», — деп жазган «КирТАГ» маалымат агенттиги Исаковдун айткандарын.

«Ата-Журт» фракциясынан депутат Дастан Жумабеков «Мегаком» мамлекеттик бюджетке жылына 2 млрд. сомдон ашык киреше алып келерин билдирди.

«Эми ушундай объектилерди сатканы жатышат. Бул кимдердин оюну? Кезинде биз бул маселени көтөрүп чыкканбыз, 51%ын мамлекеттин балансына өткөрүп бергенбиз, эми болсо жеке менчикке саткылары келип жатат. Андай кылууга болбойт деп эсептейм. Кимдир бирөө өз оюнун жүргүзүп жатат. Мындай ишканалар мамлекеттин көзөмөлүндө калышы керек», — деп жазган vb.kg жаңылыктар сайты «ата-журтчунун» айткандарын.

«Мегакомду» менчиктештирүү

Өкмөт «Мегакомдун» акцияларынын 100 пайызын менчикке сатуу тууралуу чечимди 2-июндагы кезексиз жыйынында кабыл алган. Анда экономика министри Олег Панкратов «Альфа Телеком» инвесторлор үчүн «өзүнө тартып турган объект» болуп эсептелет деп билдирген.

«Бул [«Мегакомдун» өзүнө тартып тургандыгы] мамлекет үчүн кыйла эле пайдалуу соода келишимин божомолдоого мүмкүнчүлүк берет», — деп белгилеген Панкратов.

Өкмөт «Мегакомду» сатуу зарылдыгына башкы аргумент катары анын кирешелеринин бардыгы тең Кыргызстандын бюджетине кетип, компаниянын өнүгүүсү үчүн «жетишерлик эмес каражат» калып жаткандыгын билдирген.

«Эгер биз ушул багыт боюнча кетүүбүздү уланта берсек, анда бир-эки жылдын ичинде «Мегаком» чыгашалуу компания болуп калат. Биз компанияны мамлекеттин эсебинен колдосок кыйынчылыктар болушу мүмкүн», — деп билдирген анда премьер-министр Темир Сариев.

Бирок Экономика министрлигинин башчысы дагы, премьер-министр дагы компаниянын акцияларынын 100%ынын болжолдуу баасын айтышкан эмес. 2012-жылы бийлик акцияларынын 49 пайызын 4 миллиард сомго (2012-жылдагы валюта курсу боюнча 100 млн. АКШ долларына) сатууга аракет кылган болчу.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү Панкратовдун сунушун бир добуштан колдошуп, «Альфа Телеком» компаниясын объектилерди менчиктештирүүнүн 2015-2017-жылдардагы планына киргизишкен.

Улутташтыруу

2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Кыргызстандын бийлиги уюлдук оператордун акцияларынын 49 пайызын убактылуу өкмөттүн декрети менен улутташтырган.

2014-жылдын июлунда Бишкектин райондор аралык соту төрт жылдан бери соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан компаниянын акцияларынын дагы 51 пайызын камактан чыгарган.

Анда Жогорку сот акциялардын көзөмөл пакети Southfield Management Inc. жана бийликтен куулган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакын санаашалы эсептелген Алексей Елиссевге тиешелүү болгон Vesatel United Limited компанияларына таандык экендигин билдирген.

«Альфа Телекомду» улутташтыруу процессин аягына чыгаруу үчүн бийлик Елисеевди мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен 6 жылга эркинен ажыраткан, андан соң анын компаниясынын келишилген бардык макулдашууларын мыйзамсыз деп тапкан.

Муну менен акциялар Елиссевге кайтарылып берилип, андан кийин алар мамлекеттин эсебине конфискацияланган.

Елисеев менен Southfiel Management Inc жана Vesatel United Limited компанияларынын өкүлдөрү кыргыз сотторунун чечими боюнча дагы деле өз пикирлерин билдирише элек.