Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөдөн качкан ишкерлер тууралуу маалыматтарды топтоо боюнча өнөктүк баштады ― даттануулардын башкы булагы жарандар болушу керек.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков Kloop.kgге курган маегинде бул ыкма «жеке бизнести ачыкка алып чыгууда Салык кызматына колдоо көрсөтө» тургандыгын билдирди.

«Биз кайдыгер болбогон жарандардын жардамы менен белгилүү бир убакытта салык төлөөдөн качкан салык төлөөчүлөрдүн субъектилерин салык төлөөгө аргасыз кыла алабыз», ― деди ал.

Сазыков өнөктүктүн алкагында жеке бизнес гана эмес, а Салык кызматынын кызматкерлери дагы текшериле тургандыгын кошумчалады.

«Эгер [салыктарды төлөбөө] фактысы аныкталса, анда салык төлөбөгөндөр административдик айып менен жазаланышат. Ошондой эле салык органдарынын мыйзам бузуу фактысы катталган аймак үчүн жооптуу болгон кызматкерлер дагы жазаланышат. Аларды кызматтан кетирүүгө чейинки жазалар менен жазалайбыз», ― деп түшүндүрдү Салык кызматынын басма сөз катчысы.

Ал азырынча салыктан качкан ишкерлердин болжолдуу дагы саны белгисиз экенин билдирди.

«Анонимдүү билдирүүлөр»

4-июнда Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы ЖМКларга эки билдирүү таратты. Биринчи билдирүү салык төлөөчү-ишкерлерге карата даттануулар боюнча өнөктүктүн башталгандыгына байланыштуу болгон ― анда кызматтын жарандардан «расмий дагы, ошол эле маалда анонимдүү дагы билдирүүлөрдү» кабыл ала тургандыгы көрсөтүлгөн.

Бирок Салык кызматынын экинчи билдирүүсүндө жарандардан келген анонимдүү даттануулар кабыл алынбастыгы белгиленген. Сазыков жарандардын кайрылуулары тууралуу мыйзам анонимдүү билдирүүлөрдү кабыл алууга жол бербей тургандыгын түшүндүрдү.

«Кандайдыр бир маалыматты билдиргиси келген адам жок дегенде өзүн тааныштырып, байланыш номурун калтырышы керек, анткени биз аларды текшерүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу кабардар кылып койсок кубанычта болобуз», ― деди Сазыков.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, салыктан качкан ишкерлер тууралуу жарандардын билдирүүлөрүн кабыл алуу өнөктүгү кызмат башчысы Замирбек Осмоновдун «Биринчи радиодогу» берүүлөрдүн бирине катышкандан кийин башталган. Анда угармандар бир катар жеке ишканаларга даттанышкан.

Эфирдин жүрүшүндө Осмоновго жалпысынан 12 даттануу келип түшкөн.