Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде 153-орундан 177-орунга түшүп, 2015-жылдын май айында 24 позицияга төмөндөгөн. Команданын рейтингдеги төмөндөөсү 2018-жылкы дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу беттештеринин башталышына туура келди.

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) май айына карата чыгарган рейтингинде 177-орунга жайгаштырылган. Кыргызстандын рейтинг боюнча коңшулары Маврикия (176-орун) жана Камбоджа (178-орун) командалары болушкан.

Кыргызстан курамасынын ФИФАнын рейтингиндеги позициясын сактай албай калышынын башкы себеби — команданын узак убакыттан бери беттештерди өткөрбөгөндүгү.

Александр Крестининдин командасынын акыркы оюну 2014-жылдын сентябрында Казакстандын курамасына каршы болгон — анда Кыргызстан 1:7 эсебинде жеңилүү ызаасын тарткан.

2015-жылдын мартында Кыргызстандын курамасы Ооганстандын командасы менен жолдоштук беттеш өткөрүшү керек болчу, бирок ооган футболчуларынын Ошко учуп келүүсүнө тоскоолдук жараткан кардын жаашынан улам оюн болбой калган.

Мурунку совет өлкөлөрүнүн ичинен ФИФАнын рейтингинде эң жогорку орунду Орусия (26-орун), а Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен — Өзбекстан (74-орун) ээлеген.

Майдагы рейтингдин жыйынтыгы боюнча эң мыкты команда болуп Мадагаскар курамасы табылган, ал майдын аягындагы үч беттешинин экөөсүндө жеңишке жетип, 37 позицияга жогорулаган. Ал эми эң начар команда болуп — Мальдив аралдарынын курамасы табылган, ал рейтингде 34 позицияга төмөндөгөн.

2018-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу оюндары

Кыргызстандын ФИФАнын рейтингиндеги позициясынын төмөндөшү 2018-жылы Орусияда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу беттештеринин башталуусуна туура келүүдө.

Эгер кыргыз командасы тандап алуу бөлүгүнүн алдыдагы эки беттешинде — Бангладешке каршы (11-июнда) жана Австралияга каршы оюндарында (16-июнда)  — ийгиликтүү жыйынтык көрсөтө алса, анда командада өзүнүн  рейтингдеги абалын бекемдеп алууга мүмкүнчүлүгү болот.

Тема боюнча: Кыргызстан Австралия менен бир топко туш келди.

Австралия Кыргызстандын 2018-жылкы дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу бөлүгүндөгү эң күчтүү атаандашы болуп эсептелет — ФИФАнын майдагы рейтингинде команда 63-орунга жайгаштырылган.

Кыргызстан тандап алуу оюндарында ошондой эле Тажикстан жана Иордания курамалары менен да беттешет.