Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын мыкты брейк бийчилери 31-майда Бишкекте өткөн Red Bull BC One Central Asia Cypher аттуу эл аралык престиждүү мелдеште кездешишти.

Мелдеште Killa Kolya каймана ат менен катышкан казакстандык брейк бийчиси Николай Черников жеңүүчү болуп табылды. Эми ал Red Bull BC One 2015 мелдешинин Тблисиде өтчү чыгыш европалык финалына барат.

Бишкектеги Red Bull BC One Central Asia Cypher мелдеш үчүн салттуу болгон «1ге 1» форматында өттү. Мелдештин калыстары 2011-жылкы Red Bull BC Oneдын жеңүүчүлөрү АКШлык бибой Roxryte, заманбап орусиялык брейк бийин негиздөөчүлөрдүн бири Bootuz жана Bull BC One 2012 финалынын Португалиянын атынан катышуучусу Lagaet болушту.

Мелдештин дүйнөлүк финалы 2015-жылдын ноябрында Римде өтөт.

Red Bull BC One — дүйнөнүн мыкты брейк бийчилеринин арасында жыл сайын өтүп туруучу эл аралык мелдеш, ал энергетикалык суусундуктардын Red Bull компаниясы тарабынан уюштурулат.

Видео: Темирлан Акимтеги