Белгилүү блогер Илья Варламов «Живой Журнал» сервисиндеги блогун жаба тургандыгын билдирди. Ал ушул аптадан тарта материалдарды жарыялоосун токтоторун убадалады.

Жекшемби күнү, 7-июнда, Илья Варламов өз блогуна «Жакшы жаңылык» деген билдирүү жайгаштырып, анда «Живой Журналдагы» жеке баракчасынын жабыла тургандыгын кабарлаган.

«Эмдиги жумада бул блог жабылат. Бул укмуштуудай 9 жыл болду, 5226 билдирүү жана сиздердин калтырган 1873939 ой-пикириңиздер, бирок андан ары кетүүгө кез келди», — деп жазган Варламов.

Блогер баракчанын өзү өчүрүлбөстүгүн, бирок ушул аптадан баштап жаңы билдирүүлөрдүн пайда болушу токтой тургандыгын билдирген.

Ошондой эле Варламовдун өз алдынча домендик дарекке ээ болгон өзүнчө блогу бар, ага «Живой Журналдагы» билдирүүлөр кайталанып чыгып турат. Блогер ал сайттын келечектеги тагдыры тууралуу түшүндүрмө берген эмес.

«Живой Журналдын» рейтингинде Варламовдун баракчасы биринчи орунда турат — ал сервистин эң популярдуу блогу. Өткөн жылдын аягында блогер жеке баракчасынын статистикасын жарыялаган. Анда анын ар айлык аудиториясы 5 миллион колдонуучуну түзгөндүгү көрсөтүлгөн. Жалпысынан 2014-жылдын ичинде анын баракчасын дээрлик 30 миллион киши көргөн.

Варламов «Орус жаңылыктар кызматына» келечектеги пландары тууралуу айтып берген. «Башка долбоор болот. Эмки аптада башталат, азырынча сыр бойдон калсын. Бир нерсе кылуу керек», – деген ал. Ошондой эле блогер блогдун жабылышы Роскомнадзордун (Байланыш, маалыматтык технологиялар жана массалык коммуникациялар тармагын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызмат) кайсыл бир чектөөлөрүнө байланыштуу эмес экендигин белгилеген.

Өткөн жылдын май айында Орусияда суткалык аудиториясы 3000 колдонуучудан ашкан кайсыл гана сайт же блог болбосун Роскомнадзордо каттоодон өтүүгө милдеттендирген федералдык мыйзам кабыл алынган. Ошондой эле Роскомнадзор тыюу салынган сайттардын тизмесин көзөмөлдөйт. 2015-жылдын январында ал тизмеге саясий ишмер Алексей Навальныйдын блогу киргизилген.