Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык кагылышуунун беш жылдыгына арналган иш-чаралардын жүрүшүндө коопсуздукту ИИМдин Ош жана Жалал-Абад облустарындагы бөлүмдөрүнүн толук курамы камсыздайт. Милиция кызматкерлерине штаттан сырткаркы жардамчылар менен элдик кошуундун мүчөлөрү жардам беришет.

9-июндан 11-июнга чейин өтчү эскерүү иш-чаралары маалында укук коргоо органдарынын кызматкерлери Ош жана Жалал-Абад облустарындагы коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздашат.

«Ош ШИИБсинин, Ош шаары менен Ош облусундагы ИИБдин борбордук аппараты жана Ош облусунда жайгашкан атайын багыттагы полктун жеке курамы толугу менен коомдук тартипти камсыздашат», — деди ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Kloop.kgге берген маегинде.

Сейитовдун айтымында, милиционерлер менен атайын даярдыктагы аскер кызматкерлерине жардамга «500гө жакын» адамдан турган элдик кошуун мүчөлөрү менен жардамчылар тартылышат.

Жумуш орундарында ыкчам-тергөө топтору менен нөөмөттөгү милиция кызматкерлери калышат, алар «өзүлөрүнүн конкреттүү функционалдык милдеттери менен алектенишет». Калган кызматкерлердин бардыгы тең коомдук тартипти камсыздашат.

Өлкөнүн түштүгүндөгү улуттар аралык кагылышуулар

Расмий маалыматтар боюнча, кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы 2010-жылдын июнунда орун алган улуттар аралык кагылышууларда 893 киши каза болуп, 1500дөн ашыгы түрдүү жаракаттарды алышкан. Расмий эмес маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 2000ден ашкан.

Кыргызстандын түштүгүндөгү башаламандыктар 2010-жылдын 10-июнунун кечинде башталган. Кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы алгачкы кагылышуулар казинонун жанында башталган, кийин башаламандыктар филармониянын аймагына жана Оштун башка бөлүктөрүнө жайылган. 13-июнда толкундоолор Жалал-Абадда башталган.

Кагылышуулар 3 күнгө созулган — 14-июнь күнү эртең менен Ошто абал турукташкан. Бирок талоончулук, зомбулук жана адамдарды барымтага алуулар кечке чейин уланган.

Расмий маалыматтар боюнча, 2010-жылдын декабрында ИИМ июнь окуялары боюнча 5 162 кылмыш ишин козгогон.

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, июнь окуялары маалында кармалгандардын 85 пайызын өзбектер түзгөн. Адам өлтүрүүгө айыпталган 124 кишинин 115 — өзбектер болушкан.