Жогорку окуу жайлардагы юридикалык факультеттерди жабуу тууралуу билдирүү — «журналисттердин катасы», деп билдиришти Билим берүү министрлигинен. Мекемеден кеп жогорку окуу жайларындагы юридикалык жактарды жабуу тууралуу болгондугун айтышты.

«Жогорку окуу жайлардагы юридикалык факультеттерди жабуу» тууралуу жаңылык билим берүү министри Эльвира Сариеванын парламенттик комитеттин жыйынындагы сөзүнөн кийин «АКИпресс» маалымат агенттигинин сайтына 8-июнда чыккан.

Кийинчерээк жаңылыктын тексти оңдолгон, бирок ката баары бир социалдык түйүндөрдө кызуу талкууну жараткан.

Билим берүү министрлигинин алдындагы Профессионалдуу билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Абдымамат Жолдошев Kloop.kgге Сариева жогорку окуу жайларынын алдындагы юридикалык факультеттерди жабуу тууралуу эмес, а юридикалык жактарды өзгөртүү тууралуу айткандыгын билдирди.

«Комитетте «жабуу» деген сөз болгон эмес. Мекемелерди өзгөртүү каралууда. Каржы аспектилери бир жерде болушу үчүн кайрадан өзгөртүү «бир жогорку окуу жай — бир юридикалык жак» деген принцип менен жүрөт», — деди Жолдошев.

Анын айтымында, Сариева комитетте бардыгын жакшы түшүндүргөн, бирок журналисттер анын баяндамасын аягына чейин угушкан эмес.

«АКИпресстин» редакциясынан Kloop.kgге ката министрдин айткандарын кыргызчадан орусчага которуудагы кыйынчылыктардан улам келип чыкканын айтышты.

«Сариева кыргыз тилинде сүйлөп, мекеме деп айткан, ал «учреждение» деп которулат. Эгер мекемелер жабылат деп ойлосок, анда адистиктер да жабылат. Мурдагы күнү телевизордон юридикалык факультеттер жабылат деп көрсөтүшкөн», — деди өзүн тааныштыруудан баш тарткан журналист.

Интернеттин кыргыз сегментиндеги эң көп колдонуучу кирген жаңылыктар сайты эсептелген «АКИпресстин» катасы социалдык түйүндөр менен популярдуу «Дизель» интернет-форумунун колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жараткан. «Дизелдеги» тиешелүү теманын астына 50дөн ашык ой-пикир жазылган.

«Юристтерди көп даярдап чыгаргандыктары жана алардын жумуштарынын жок экендиги менен макулмун, бирок факультеттерди биротоло жаап эмне кереги бар? Антсе 5-10 жылдан кийин юрист да таппай калабыз», — деген ой-пикирин жазган «Дизелдин» sts74 аттуу колдонуучусу жаңылыктын төмөн жагына.

«Эми юристтерди даярдап чыгарбай калышабы? А акыркы курстарда окуп жаткандар менен эмне болушат?» — деп суроо салган «Фейсбуктун» Аделина Наваскулова аттуу колдонуучусу.

«Юридикалык жана Милиция академиялары бар да, юристтерди ошолордун базасында даярдашат. БГУда, КМКТАУда, КЭУда, КУУда же Кувейт университетинде юристтерди даярдап эмне кереги бар, акча табуу үчүн эле болбосо», – деп эсептейт «Дизелдин» «7 я 3 умфатора» деген колдонуучусу.

«Туура кылышат, бизге анчалык юрист менен экономисттин эмне кереги бар? Андан көрөк жөндөмдүү инженерлерди даярдаганы жакшы», – деген пикирин жазган «Фейсбуктун» Дамир Саматкулов аттуу колдонуучусу жаңылыктын төмөн жагына.

Колдонуучулардын арасында журналисттин катасын тапкандар да болгон:

«Министр мамлекеттик жогорку окуу жайларындагы юридикалык мекемелерди жабуу тууралуу айткан. Мисалы, КУУнун алдындагы Юридикалык институтту, КУУнун алдындагы Экономикалык институттар сыяктуу башка жайларды. Аларды кайрадан факультет кылууну каалап жатышат. А журналист болсо баарын туура эмес түшүнүп, башкача кылып жазган» , – деген пикирин калтырган «Дизелдин» Multimumm Parvo аттуу колдонуучусу.

Сүрөт: auca.kg