«Дизель» интернет-форумунун колдонуучулары убактылуу каттоо мөөнөтүн өткөрүп жибергендер үчүн каралган айыптын жогорулатылышын кызуу талкуулап башташты. 2015-жылдын мартында күчүндө кирген өзгөртүүлөргө ылайык, айып өлчөмү 2 миңден 10 миң сомго чейин жогорулатылган. Колдонуучулардын айтымдарында, Кыргызстандын аймагында жашап жаткан чет өлкөлүк жарандар «айып өлчөмүнүн беш эсе жогорулагандыгын азыркыга чейин билишпейт».

Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы каттоо мөөнөтүн өткөрүп жиберген чет элдик жарандар үчүн каралган айыпты 2015-жылдын 19-мартында беш эсеге жогорулаткан — эми мыйзам бузгандар мурунку 2 миңдин ордуна 10 миң сом төлөшү керек болот.

Айып өлчөмү Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык жогорулаган.

«Бир күн деле жетиштүү болот. Эгер (чет өлкөлүк жаран) бир эле күнгө каттоо мөөнөтүн өткөрүп жиберсе, анда ал ушундай айып төлөйт», — деп билдиришти Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз борборунан.

Интернет колдонуучуларынын нааразычылыгы

Өзгөртүүлөрдүн марттын ортосунда күчүнө киргенине карабастан Кыргызстандын ири интернет-форуму эсептелген «Дизелдин» колдонуучулары жаңы эрежелерге эми гана нааразычылыгын билдирип башташты — ресурстагы буга байланышкан темага үч сааттын ичинде эле 30дан ашык ой-пикир жазылган.

«Дизелдин» kraz аттуу колдонуучу Орусиянын жараны болгон атасынын убактылуу каттоосун узартууга келгенде жергиликтүү паспорт столунун кызматкери 10 миң сом өлчөмүндөгү «айып төлөөсүн талап кылгандыгын» жазган.

«Бүгүн атамдын убактылуу каттоосун узартууга баргам, ал Орусия Федерациясынын жараны, Кыргызстанда жашайт, паспорт столундагы аял каттоо мөөнөтүнүн өтүп кеткендиги үчүн 10.000 сом айып талап кылды… . Сумманы жакында эле көбөйткөндүктөрүн айтты. Эмнеге мынчалык чоң сумма?! Интернеттен Орусиядагы ушундай айыптар тууралуу карап чыктым: 2-3 миң руб», — деп жазган ал.

Форумдун M Klumba деген колдонуучусу каттоо мөөнөтүнүн өтүп кеткендиги үчүн төлөнчү айып маселеси «Дизелде» «көтөрүлбөгөндүгүн» жазган.

«Жакында мен дагы мөөнөтү өткөн каттоону узартуу үчүн барып, дал ушундай өлчөмдөгү айыпка туш болгом ) жыйынтыгында колуна 1000 сом берип, көйгөй чечилген», — деп жазган M Klumba.

«Дизелдин» PAZAK деген башка колдонуучусу кыргыз депутаттарынын айыптарды беш эсеге жогорулатууну колдоп добуш бергендиктерине нааразычылыгын билдирген.

«3-4 эсеге көтөрүшсө деле болмок. […] Бул Орусия менен Казакстандан да көп болушу керек», — деп жазган PAZAK.