Бишкек бийлиги 8-июндагы катуу шамалдан улам келтирилген чыгымдардын суммасын эсептеп бүтө элек. Бороондун жыйынтыгында кеминде төрт киши жаракат алып, ондон ашык бак-дарак жакын жайгашкан үйлөрдү зыянга учуратышкан, а шаардык инфраструктура кайсыл бир мезгилге чейин жарым-жартылай бузулган.
9-июндагы маалымат жыйынында Бишкектин Ленин районунун акими Мирлан Аскар уулу шамалдан жабыр тарткан борбордун конуштарындагы үйлөрдүн ээлерине бир жолу төлөнүүчү 50 миң сомдук компенсация бериле тургандыгын билдирди.
«Үй ээлеринин калоосу боюнча насыя катары 200 миң сом берилет, бирок бул шартта аталган сумма үй ээлеринин каалоосу менен, комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыктары боюнча жана өкмөттүн токтомуна ылайык берилет», — деди Аскар уулу.
Бирок ал компенсация ала ала турган адамдардын санын так айткан жок.
Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин Бишкек бөлүмүнүн башчысы Болотбек Аманбаев анын мекемеси аба ырайынын кескин өзгөрө тургандыгы жөнүндө калкка алдын ала эскерткендигин айтты. Ал ӨКМде шамалдын багытын күн мурун аныктоочу техниканын жоктугун кошумчалады.
«Ар бир райондо турак-жай секторуна жана социалдык-маданий объектилерге, тактап айтканда, мектептер, ооруканаларга келтирилген материалдык зыяндарды эсептөө боюнча райондук комиссиялар иштеп жатышат», — деп белгиледи Аманбаев.
«Түндүкэлектр» ишканасынын техникалык директорунун орун басары Азамат Мамбетжанов Кыргызстандын борборунда 74 авариялык учур катталгандыгын, алардын 40ы кыска жалын чыгуулар болгондугун айтты.
Ал «Түндүкэлектрдин» оңдоо топтору 9-июндун түшкү маалына карата авариялык учурлардын 30 пайызын жойгондуктарын кошумчалады. Учурда электр менен камсыз кылууну калыбына келтирүү боюнча иштер уланууда. Ал 9-июндун кечине чейин шаардык кызматтар шаарга толугу менен электр энергиясын берүүгө аракет кыла тургандыктарын убадалады.
Ленин районунун акими Аскар уулу Мирлан болжолдуу маалыматтар боюнча, шамалдан төрт киши түрдүү жаракаттарды алгандыктарын билдирди.
Алардын арасында колдорун шифер менен кестирип алган эки киши, электр тогунан жабыркаган аял жана үйдүн тосмосу басып калган кош бойлуу келин бар.
«Кош бойлуу келин жамбаш сөөгү менен буту сынып төртүнчү шаардык ооруканага жеткирилген. Ток урган дагы бир жабырлануучу бар, азыр анын абалы канааттандыраарлык, ал кечээ ооруканага жатуудан баш тарткан», — деп кошумчалады Аскар уулу.
Ал Бишкекте адам өмүрүн алган учурлар катталбагандыгын белгиледи.
Кыргызстандын түндүгүндөгү бороон
Кыргызстандын түндүк облустарында катуу шамал 8-июнь күнү кечинде болгон — кээ бир аймактарда шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-27 метрге чейин жеткен.
ӨКМдин маалыматы боюнча, катуу шамалдан улам эки адам каза болгон — Чүй облусунун Аламүдүн районундагы 13 жашар кыз менен Ысык-Ата районунун 74 жаштагы тургунун шамалдан улам кулаган бак басып калган. Улгайган адам ошол жерде дароо эле көз жумган, а кыз алган жараттарынан улам Бишкек шаардык ооруканасында каза болгон.
Тема боюнча кененирээк: Кыргызстандын түндүгүндөгү катуу шамал — эки киши каза болуп, инфраструктура бузулду.
Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы катуу шамалдын кесепеттери Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жана Талас облусунда катталгандыгын билдирди. Кара-Балта электр жарыгысыз калса, Талас облусунда турак-үйлөр жана мектептер зыянга учураган — бороон 400 чарчы метрден ашык чатырды учуруп кеткен.
Андан сырткары Бишкектин борбордук аянтындагы желек жыртылган, ал шамал аяктаары менен дароо жаңысына алмаштырылган. Борбордун шаардык кызматтары 8-июндан 9-июнга караган түнү эртең мененкиге чейин катуу шамалдын кесепеттери менен күрөштү — ал үчүн шаардык кызматтар 50 жүк унаасын бөлүшкөн, алар борбордогу таштандыларды, кулаган бактарды жана алардын бутактарын ташуу менен алектенишкен.