Өлкөнүн түштүгүндө орун алган 2010-жылдагы каргашалуу окуялардан кийин өзбек калкынын көпчүлүгүнүн кыргыз тилинде сүйлөй баштаганы улуттар ортосундагы мамиленин жакшыруусуна жол ачууда, деп эсептейт президент Алмазбек Атамбаев.
Атамбаев 2010-жылдын июнь окуяларынын 5 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Анын билдирүүсүнүн көпчүлүк бөлүгүн «сепаратисттер» менен бийликтен куулган президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүн сындоо жана биримдик менен тынчтыкка чакыруулар түзгөн.
Президенттин кагылышуулардын беш жылдыгына карата жасаган быйылкы билдирүүсү мурункуларынан көлөмү, «улуттар аралык чыңалууну» төмөндөтүүдөгү кыргыз тилинин жана «элдин башын бириктирген өзөк» катары кыргыздардын ролу тууралуу билдирүүлөрү менен айырмаланган.
Атамбаев Ош шаарында жашаган өзбек калкынын көпчүлүгүнүн кыргыз тилинде сүйлөй баштаганы «улуттар ортосундагы мамиленин жакшыруусуна жол ачып жатканын белгиледи.
«Кыргыз тили мамлекеттик тил катары элдерди бириктирип, этностор аралык тилге айланып баратат. Ош шаарында жашаган өзбек калкынын көпчүлүгүнүн кыргыз тилинде сүйлөй баштаганы улуттар ортосундагы мамиленин жакшыруусуна жол ачууда», — деп эсептейт Атамбаев.
Ал мындан улам этникалык азчылыкты түзгөн калктар туш болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүүгө «башкача мамиле калыптанып жатканын» кошумчалады — Атамбаевдин айтымында, бүгүнкү күндө этникалык «ар түрдүүлүк» эмес, а өлкөдөгү бардык жарандарды сыйлоо биринчи кезектеги милдет экени түшүнүктүү боло баштады.
«Кыргызстандын тарыхын кеңири жайылтуу боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар эл биримдигин бекемдөө зарылчылыгын баамдап, түшүнүүгө өбөлгө болууда. Анткени биздин ата-баларыбыздын Мекени гүлдөп-өнүккөн белгилүү доорлор кыргыздар башка этностор менен чогуу жашап, өз мамлекеттүүлүгүн курган заманга туш келет», — деп белгиледи президент.
Өз кезегинде кыргыз бийлиги тарабынан коомду бөлүп-жарууга айыпталып жаткан өзбек коомчулугунун лидерлери Кадыржан Батыров менен Халилжан Худайбердиев кыргыз тилин улуттар арасында популяризациялоо саясатын сынга алышты.
«Кыргызстанда 2013-жылы кабыл алынган Калктын биримдиги менен улуттар аралык мамилелерди бекемдөө концепциясында кыргыз тилинин ролун күчөтүүгө гана басым жасалган, ал эмес өлкөдө жашап жаткан башка улуттардын тилдери тууралуу эч нерсе айтылган эмес», — деп жазылган 24.kg агенттигинин сайтына жарыяланган алардын билдирүүсүндө.
Алар Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мунга жолдогон биргелешкен кайрылуусунда Кыргызстандын бийлиги улуттар аралык мамилелерди жакшыртуу үчүн «чыныгы аракеттерди жасабагандыгына» даттанышкан.
Этникалык кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы кагылышуулар 2010-жылдын 10-июнунан 11-июнуна караган түнүн башталып, беш күнгө созулган. Кагылышуулардын башталышына Оштогу казинолордун биринде кыргыз жана өзбек жаштарынан турган топтордун мушташы шылтоо болгон.
Кыргызстандын бийлигинин расмий маалыматы боюнча, кагылышуулардын жүрүшүндө 800дөн ашык киши каза болуп, 1500гө чукулу түрдүү жаракаттарды алышкан. Расмий эмес маалыматтар боюнча, 1500дөн ашык киши каза болуп, 2000ден ашыгы жарадар болушкан.
Ал кагылышуулар өзбектердин массалык түрдө сырткы миграциясын жараткан — ал күндөрү 70 миңден ашык этинкалык өзбек Өзбекстандын аймагына качкан. Кийинчерээк алардын бир тобу кайра кайтып келишкен.