Кыргызстанда ички иштер органдарынын ишмердигин баалоонун жаңы критерийлери киргизилди. Мындан ары милициянын ишмердиги катталган кылмыштардын ачылышынын пайыздык көрсөткүчүнө карап эмес, жүргүзүлгөн иштин жалпы сапатына жараша бааланат.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтына чыккан.

Укук коргоочулар бул чара кылмыштуулукту ачуунун пайыздык көрсөткүчүн толтуруу үчүн күнөөнү кыйнап моюнга алдыруу өнөкөтүн ооздуктайт деген ишенимде.

Бирок айрым адистердин айтымында, бул жүйөлөр кылмыштын бетин ачуудагы пайыздык көрсөткүч менен милициянын ишин баалоону жокко чыгарууга негиз болуп бере албайт.

Ишенимди илгерилетүүдөгү кадамдар

Ички иштер министрлиги атайын жобонун негизинде милициянын ишмердигин баалоонун жаңы критерийлерин иштеп чыкты. Мурда ички иштер органдарынын ишмердиги кылмыштын бетин ачуудагы пайыздык көрсөткүчтөр менен өлчөнсө, эми милициянын иши коомдук сурамжылоонун негизинде сырткы мониторинг менен бааланат.

Мындан ары кылмыштуулуктун бетин ачуу көрсөткүчтөрүн пайыздаштыруу милициянын ишинин башкы көрсөткүчү боло албайт. Жобого ылайык, ички иштер органдарынын иши аймактагы коопсуздуктун жалпы абалы менен өлчөнөт. Ошондой эле ар бир милиция кызматкеринин жылдык ишмердиги рейтинг менен бааланат.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Адыл Оморов бул чаралар милицияга болгон элдин ишенимин арттыруу үчүн киргизилгенин айтты:

- Ар бир милиция кызматкеринин ишмердиги жетекчиликтин ички баалоосу жана тышкы сурамжылоонун негизинде берилген мүнөздөмө менен өлчөнөт. Ар бир ички иштер органынын иши деле мына ошондой принцип менен жүрөт. Милицияга болгон ишеним ошол аймактагы сурамжылоо менен жыйынтыкталат. Сурамжылоону мамлекеттик жана бейтарап уюмдар жүргүзөт. Ошол эле кезде ар бир милиция бөлүмчөсүнүн ишмердиги кылмыштуулуктун бетин ачуу боюнча пайыздык көрсөткүчтөн көз каранды болбойт. Негизги критерийлер ал аймакта коопсуздуктун абалы жакшырдыбы, коомдук тартип жолго коюлганбы жана кылмыштуулуктун деңгээли кандай деген сыяктуу суроолордун негизинде аныкталат.  

Кылмыштуулуктун мүнөзүн аныктоо жана анын бетин ачуунун пайыздык көрсөткүчү менен милициянын ишмердигин баалоону кезинде советтик криминологдор сунуштаган. Айрым адистер тобу ишти кылмыштын бетин ачуудагы пайыздык көрсөткүчтөр менен баалоо усулунан баш тартууну туура көрбөйт.

Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, депутат Курманбек Осмонов кылмыштуулуктун бетин ачуудагы пайыздык көрсөткүч менен баалоо милицияны милдеттендирүү чарасы катары киргизилгенине токтолду:

- Кылмыштын бетин ачууну пайыздык көрсөткүчтөрү мына ошол катталган жалпы кылмыштарды ачууга карата милициянын аракетин көрсөтөт. Ошон үчүн мына ошондой милдеттеме киргизилген. Анан эми мына ошол пайыздаштырууну алып салалы дегени милициянын жүгүн жеңилдетүү деп эле түшүнөм. Ал нерсе жокко чыкканда кылмыш ачылса ачылды, ачылбаса жок деген абал пайда болот. Ошол чаранын негизинде жасалма отчеттуулук болот экен деген бул жөн эле шылтоо. Андай жагдай бар. Бирок ал ошол кылмыштуулуктун бетин ачуудагы пайыздык көрсөткүчтөрдү алып салууга негиз бербейт болчу.

Милициянын ишин баалоонун советтик усулу

Кыргызстанда ачылбай калган кылмыштардын пайыздык көрсөткүчтөрүн толтуруу үчүн милиция жасалбаган кылмышты кыйноо жолу менен  моюнга алдыруу өнөкөтү күчөгөн. Ошондой эле кылмышты каттабай коюу менен жоопкерчиликтен кутулган мисалдар милицияда кеңири тараган. Мына ушундай терс көрүнүштөрдү четтеттүү үчүн укук коргоочулар кылмыштын бетин ачуудагы пайыздаштыруудан баш тартууну сунуштап келишкен.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова  ишти баалоодогу бул советтик усулдун терс жактары көп болгонун белгиледи:

- Кылмыш иштерин ачуунун пайыздык көрсөткүчү деген милицияны жасалма кылмыш иштерди козгоп же ачылбай калгандарын башка бирөөгө жүктөгөнгө мажбурлай турган система. Мына ошондон улам кылмышты кыйнап моюнга алдыруу сыяктуу иштер болуп жатат. Эгерде бир жылда кылмыш көп катталса, албетте аны ачуунун деңгээли дагы жогору болот. Бирок бул милиция жакшы иштеди дегенди түшүндүрөбү. Кылмыш аз катталса, кылмыштын бетин ачуунун көрсөткүчү төмөн болсо, анда ошол жерде иштеген милициянын ишин начар деп баалоо адилетсиздик болот. Ошондуктан бул критерийлерден баш тартуу туура болду. Биз милициянын ишинин реалдуу абалга карата баалашыбыз керек.

Ошол эле кезде Ички иштер министрлиги жаңы критерийлер алты айлык  убакытка сыноо мөөнөтү катары киргизилгенин жарыялады. Бул аралыкта кылмыштуулуктун бетин ачуудагы пайыздык көрсөткүчтөрдү чыгаруу иши дагы мекеменин ички кызматтык пайдалануусу үчүн жүргүзүлө бермекчи.