Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы 2018-жылкы дүйнөлүк биринчиликтин тандап алуу бөлүгүндөгү алгачкы беттешинде Бангладеш командасын 3:1 эсебинде утту.

Беттештин эсебин 9-мүнөттө бангладештик дарбазачы Рассел Махмуд Литондун дарбазасына таамай сокку узаткан кыргыз курамасынын коргоочусу Антон Землянухин ачты.

Экинчи гол Бангладеш курамасынын дарбазасына беттештин 29-мүнөтүндө он бир кадамдык айып соккусунда киргизилди ― кыргызстандыктардын жарым коргоочусу Эдгар Бернарт 11 кадамдык соккуну ишенимдүү ишке ашырды ― эсеп 0:2.

Оюндун 32-мүнөтүндө кыргыз курамасынын коргоочусу Валерий Кичин өз дарбазасына гол киргизип алды ― 1:2.

Антон Землянухин 41-мүнөттө Бангладештин дарбазасына экинчи соккусун узатып, Кыргызстандын артыкчылыгын дагы бир топко көбөйттү.

«Евроспорт» телеканалынын Азия бөлүмүнүн маалыматы боюнча, Кыргызстан беттеште башында эле фаворит деп эсептелип, командалардын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүктөрү 74 пайыз Кыргызстанга, 26 пайыз Бангладешке деп бааланган.

«B» тобундагы экинчи беттеш Дүйшөмбү шаарында Тажикстан жана Иордания курамаларынын ортосунда болот. Ал беттеште Тажикстан фаворит эсептелинет.

Бул Кыргызстандын 2018-жылы Орусияда өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу бөлүгүндөгү алгачкы жеңиши.

Александр Крестининдин командасы кийинки беттешин 18-июнда, Кыргызстандын «B» тобундагы эң күчтүү атаандашы эсептелген Австралия курамасына каршы Бишкекте өткөрөт.

Бангладеш курамасы ошол эле күнү өз талаасында Тажикстандын командасын кабыл алат.