Президент Алмазбек Атамбаев биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган кыргызстандыктар шайлоо процесстерине катышпай эле койсо болорун билдирди. Укук коргоочу Нурбек Токтакунов анын айткандарын «диктатордук» билдирүү деп атады.

Президент мындай билдирүүсүн 11-июнда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн жыйында жасады. Атамбаев «бармак издерин ташыруудан эрингендер» шайлоолорго катышпай эле койсо болорун айтты.

«Мындай укуктар Европа менен АКШнын калкынын кээ бир бөлүгүнө жакында эле берилди. Кеп «караңгы» калк, аялдар тууралуу болууда. А бүгүн болсо кээ бирөөлөр өз бармак издерин тапшыруудан эринип жатышат. Демек, андай адамдар шайлоо процессине катышуу үчүн бышып жетиле элек», — деп жазды «24.kg» агенттиги президенттин айткандарын.

Анын айтымында, учурда андан да маанилүүрөөк маселе турат — «адилеттүү шайлоолорду камсыз кылуу».

«Шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын топтоо жана добуштарды электрондук эсептөө элементтерин киргизүү боюнча жигердүү иштер жүрүүдө. Бирок адам укуктарын шылтоолоп калкты биометрикалык маалыматтарын тапшырбоого үндөгөндөр да бар», — деди Атамбаев.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов биометрикалык маалыматтардын бирдиктүү базасын түзүү адамдын жеке жашоосу жана мамлекеттин коопсуздугу үчүн тобокелчиликтерди жаратат деп эсептейт. Юрист бийликтин ал маалыматтардын сакталышын жана максаттуу пайдаланылышын камсыз кыла аларына ишенбейт.

«Ал манжа издери кандай пайдаланылат? Кандай максаттарда? Алар кандай сакталат? Коопсуздугу канчалык деңгээлде камсыздалат?» — деп суроо салды Токтакунов.

Юристтин пикиринде, президент биометрикалык маалыматтарды топтоонун мыйзамдуулугу тууралуу Конституциялык палатанын судьялары демилге боюнча бир пикирге келе албай койгондон кийин эле ойлонушу керек болчу.

«Эгер ал ойлонуп да койбостон тескерисинче Конституциялык палатаны жоюу үчүн демилгелерди көтөрүп жатса, бул анын Конституциялык соттон коркуп, диктаторго айланып бара жаткандыгы тууралуу айтууда», — деди укук коргоочу.

Биометрикалык маалыматтарды топтоо 2014-жылдын ортосунда тиешелүү мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин башталган. Демилге укук коргоо органдарынын нааразычылыктарын жаратып, алар адамдын жеке жашоосунун кол тийбестиги жана аны коргоо укуктарынын бузула тургандыгы жөнүндө билдиришкен.

Өз кезегинде бийлик биометрикалык маалыматтарды топтоо таза шайлоолорду өткөрүүгө жана кылмыштардын бетин ачуу көрсөткүчүн жогорулатууга жардам бере тургандыгын билдиришкен.