Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 8-июндагы катуу шамал келтирген чыгымдын жалпы суммасын эсептеп чыкты — мекеменин маалыматы боюнча, жаратылыш кырсыгынан Бишкекте 50дөн ашык имарат жабыркап, жалпы чыгым миллион сомго жакын сумманы түзгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан Kloop.kgге 8-июнь күнү кечинде болгон катуу шамалдын кесепетинен келтирилген чыгымдарды эсептөө азырынча толук аяктай электигин билдиришти. Бирок мекеменин маалыматы боюнча, Бишкекке келтирилген чыгым 983 миң сомду түзгөн.
ӨКМден катуу шамалдан 56 имарат жабыркагандыгын кошумчалашты. Алардын арасында 41и турак-жай, билим берүү жана мамлекеттик имараттар, ооруканалар, кафе жана Кыргыз улуттук филармониясынын имараттары бар.
Бишкекте жабыркаган имараттар:
- 41 турак-үй;
- №1 орто мектеп;
- №27 профессионалдык лицей;
- Улуттук хирургия борбору;
- №4 шаардык оорукана;
- М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры;
- №27 бала бакчасы;
- №1 тергөө абагы;
- «Купола» кафеси;
- президент менен өкмөттүн иш башкармалыктарынын имараттары;
- Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясы;
- «Столичный» ААКсы;
- мамлекеттик «Бажы инфраструктурасы» ишканасы;
- Улуттук статистика комитети;
- Кыргыз экономикалык университети;
- Улуттук китеп палатасы.
ӨКМдин билдирүүсү боюнча, жалпысынан 10625 даана шифер, 536 профнастил жана 11 чарчы метр айнек талкаланган.
«ӨКМ жабыркаган автоунааларды жана башка техникаларды эсептебестен турак-үйлөрдүн талкаланган чатырлары менен курулуштардын чыгымын төлөп берет», — деп билдиришти ӨКМден.
Мекемеден катуу шамал маалында жабыркаган автоунаа ээлерине компенсация төлөнбөстүгүн билдиришти — айтымдарында, ал Кыргызстандын мыйзамдарында каралган эмес.
Кыргызстандын түндүгүндөгү бороон
Кыргызстандын түндүк облустарында катуу шамал 8-июнь күнү кечинде болгон — кээ бир аймактарда шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-27 метрге чейин жеткен.
ӨКМдин маалыматы боюнча, катуу шамалдан улам эки адам каза болгон — Чүй облусунун Аламүдүн районундагы 13 жашар кыз менен Ысык-Ата районунун 74 жаштагы тургунун шамалдан улам кулаган бак басып калган. Улгайган адам ошол жерде дароо эле көз жумган, а кыз алган жараттарынан улам Бишкек шаардык ооруканасында каза болгон.
Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы катуу шамалдын кесепеттери Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жана Талас облусунда катталгандыгын билдирди. Кара-Балта электр жарыгысыз калса, Талас облусунда турак-үйлөр жана мектептер зыянга учураган — бороон 400 чарчы метрден ашык чатырды учуруп кеткен.
Андан сырткары Бишкектин борбордук аянтындагы желек жыртылган, ал шамал аяктаары менен дароо жаңысына алмаштырылган. Борбордун шаардык кызматтары 8-июндан 9-июнга караган түнү эртең мененкиге чейин катуу шамалдын кесепеттери менен күрөштү — ал үчүн шаардык кызматтар 50 жүк унаасын бөлүшкөн, алар борбордогу таштандыларды, кулаган бактарды жана алардын бутактарын ташуу менен алектенишкен.
Бишкектин Ленин районунун акими Мирлан Аскар уулу 9-июндагы маалымат жыйынында шаар бийлиги жаңы конуштардагы үй ээлерине катуу шамал келтирген чыгымдарды төлөп бере тургандыгын билдирген — аларга бир жолу төлөнүүчү 50 миң сомдук компенсация берилет.
«Үй ээлеринин калоосу боюнча насыя катары 200 миң сом берилет, бирок бул шартта аталган сумма үй ээлеринин каалоосу менен, комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыктары боюнча жана өкмөттүн токтомуна ылайык берилет», — деди Аскар уулу. Бирок ал компенсация ала ала турган адамдардын санын так айткан жок.
Автор: Темир Калбаев.